ГОСТ 305-82 “Дизель отуну. Техникалык шарттар” мамлекеттер аралык стандарттын иштөө мөөнөтүн 2021-жылдын 12-августуна чейин өткөөл мезгилге узартуу жөнүндө

Новости
17-Февраль 2020-ж.
4036

2016-жылдын 26-январында Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын “Кыргыз Республикасында Бажы союзунун техникалык регламенттерин ишке киргизүү тартиби жөнүндө” кабыл алынган чечимине ылайык Бажы бирлигинин “Автомобилдик жана авиациялык бензинге, реактивдүү кыймылдаткычтар жана мазут үчүн дизелдик жана кеме отунуна талаптар жөнүндө” (ТР ТС 013/2011) техникалык регламенти 2019-жылдын 12-августунан баштап күчүнө кирүүгө тийиш.

Бирок, Кыргыз Республикасынын мунайды кайра иштетүү заводдору көрсөтүлгөн датага карата өздөрүнүн өндүрүшүн модернизациялоо боюнча комплекстүү чараларды көргөн эмес.

КР ата мекендик өндүрүүчүлөрүн колдоо максатында Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2019-жылдын 6-августундагы “Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2016-жылдын 26-январындагы чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” ББ ТР 013/2011 колдонууга киргизилген күндү 2021-жылдын 12-августуна чейин узартуу боюнча чечими кабыл алынган.

Кабыл алынган чечимге байланыштуу, ошондой эле ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн өтүнүчү боюнча КР Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбору (мындан ары – СМБ) дизель отунун өндүрүүнү ченемдик жактан камсыздоо жана шайкештикти баалоо боюнча иштерди жүргүзүү үчүн мамлекеттер аралык стандарт боюнча ГОСТ 305-82 “Дизелдик отун. Техникалык шарттар” 2021-жылдын 12-августуна чейин өткөөл мезгилге узартуу тууралуу чечим кабыл алган.

Жогоруда көрсөтүлгөн чечимге ылайык СМБ мунайды кайра иштетүүчү заводдорго 2021-жылдын 12-августуна чейин өндүрүштү шексиз өткөрүүгө карата иш-чаралар комплексин жана ББ ТР 013/2011 талаптарына ылайык келген дизель отунун жүгүртүүгө чыгарууну аяктоону сунуш кылат.

ББ ТР 013/2011 күчүнө киргенден тартып, ГОСТ 305-82 “Дизелдик отун. Техникалык шарттар” кийин узартуу укугусуз жокко чыгарылат.

Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын аймагында 305-2013 “Дизелдик отун. Техникалык шарттар 2017-жылдын 1-февралынан баштап ишке кирет.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу