Экономика министрлиги экономикалык болжолдоо жаатында адистердин потенциалын өстүрүү боюнча ишти улантууда

Новости
14-Февраль 2020-ж.
3551

2020-жылдын 13-14-февралдарында КР Экономика министрлигиниде Дүйнөлүк банктын колдоосу менен макро жана микро болжолдоо жаатында региондордогу адистерди практикалык окутуу боюнча семинарлар өткөрүлдү.

Өлкөнүн бардык региондору: Ысык-Көл, Нарын, Чүй, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын райондору жана Ош шаары үчүн окуутуу семинарлары программалар боюнча өткөрүлдү.

КР Экономика министрлиги макроэкономикалык божолдоо маселелеринде методологиялык жардам көрсөтүүчү борбордук орган болуп саналат. Экономикалык болжолдоо процесси экономикалык башкаруу жаатында негизги инструменттердин бири болуп саналат жана ошондуктан башкаруу чечимдерин туура кабыл алуу үчүн экономикалык талдоонун жана болжолдоонун заманбап куралдарын, тенденцияларды квалификацияланган талдоону киргизүү керек.

Бул жалпы өлкөнүн экономикалык өсүү болжолдоолорун иштеп чыгуу жана коомдук-экономикалык өнүктүрүү стратегияларын жана программаларын иштеп чыгуу менен алектенген министрлик үчүн өтө маанилүү болуп саналат.

Болжолдоолорду даярдоодо социалдык-экономикалык пландоодогу жана божомолдоодогу бардык региондук маалыматтар колдонулат. Ошондуктан, бардык таасир этүүчү факторлорду эске алган жерлерде туура болжолдоо зарылдыгы тууралуу маселе абдан маанилүү.

2018-жылы КР Бюджеттик кодекси кабыл алынган жана ага бардык ченемдик укуктук актылар шайкеш келтирилген, тактап айтканда, “Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын Кыргыз Республикасында мамлекеттик болжолдоонун системасын жана Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолдорун иштеп чыгуу тартибине тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилген.

Мындай өзгөрүүлөр жөнүндө кеңири маалымдоо үчүн ошондой эле дайыма өзгөргөн тенденцияларды эске алуу менен болжолдоо механизмдерин өркүндөтүү ушундай семинарды өткөрүү зарылчылыгы пайда болду. 

Бул окутуунун натыйжасы болуп региондорду өнүктүрүүнү божомолдоодо практикалык көндүмдөрдү алуу, өндүрүштүк моделди пайдалануу, ошондой эле экономикалык саясатты иштеп чыгуу маселелеринде кызматкерлердин потенциалын күчөтүү эсептелет.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу