Түркмөнстандын Нейтралитетинин 25 жылдыгына арналган көргөзмө-жарманке жана эл аралык инвестициялык форум Ашхабадда өтөт

Новости
13-Февраль 2020-ж.
3449

2020-жылдын 17-18-марттарында Ашхабад шаарында Түркмөнстандын Нейтралитетинин 25 жылдыгына, ошондой эле Түркмөнстандын өнөр жайчылар жана ишкерлер бирлигинин 12 жылдыгына арналган көргөзмө-жарманке жана эл аралык инвестициялык форуму өтөт.

Форумдун негизги темасы - “Нейтралитет саясаты, тынчтык жана жеке ишкердикти туруктуу өнүктүрүү үчүн эл аралык кызматташтык”.

Сессиялардын жүрүшүндө транспорттук – логистикалык инфраструктура жана өнөр жай чөйрөсүндөгү, ошондой эле туризм жана агроөнөр жай комплексиндеги мамлекеттик-жеке өнөктөштүк маселелери талкууланат.

Көргөзмөнүн жана форумдун алкагында түркмөн бизнес - коомчулугунун өкүлдөрүнүн чет өлкөлүктөр менен сүйлөшүүлөрү, ошондой эле ишкер өнөктөштүгүн өнүктүрүү тууралуу документтерге кол коюу күтүлүүдө.

Кеңири маалымат тууралуу жана катышуу шарттары менен иш чаранын сайтынан: www.tif2020.com таанышууга болот.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу