Экономика министрлигинин башчысы жана КРдагыТүркиянын элчиси соода-экономикалык кызматташууну өнүктүрүүнү талкуулашты

Новости
10-Февраль 2020-ж.
3639

2020-жылдын 7-февралында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде министр Санжар Муканбетовдун Түрк Республикасынын Ыйгарым Укуктуу Элчиси Жеңгиз Камиль Фырат менен жолугушуусу болду.

Жолугушуунун алкагында Тараптар эки тараптуу кызматташуу, өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык жана ишкер мамилелерди өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Кыргыз-түрк Өкмөттөр аралык комиссиясынын 9-жыйынынын ийгиликтүү өткөндүгү белгиленди (2019-жылдын 20-23 -ноябрда Түркия Республикасы, Стамбул жана Анкара ш.) анда комиссиянын жыйынтык протоколуна жана Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы экономикалык кызматташуу боюнча иш аракеттер планына кол коюлган (мындан ары - Иш аракеттер планы).

Жолугушуунун жүрүшүндө Элчи мырза Иш аракеттер планынын пункттарын, атап айтканда 2020-жылы Ысык-Көл облусунун аймагында жогорку кызмат адамдарынын катышуусунда Эл аралык иш форумун өткөрүүгө тийиштүү пунктунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Мындан тышкары Тараптар бир катар маселелер боюнча натыйжалуулукту жогорулатуу максатында, тармактык бизнес-форумдарды өткөрүүгө болгон кызыгууларын билдиришти (саламаттык сактоо, туризм, кен байлыктарын пайдалануу, өндүрүш, анын ичинде текстиль чөйрөлөрүндө).

Мунун менен бирге Элчи Жеңгиз Фырат мырза азыркы убакта ири Ассоциация түзүү боюнча иштер жүрүп жаткандыгын маалымдады, анын курамына Кыргызстандын жана Түркиянын ири ишкерлери/компаниялары кирмекчи. Аталган Ассоциациянын алкагында эки өлкөнүн компанияларынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү, ошондой эле Кыргыз Республикасында түрк компанияларынын инвестицияларын көбөйтүү пландаштырылган.

Буга кошумча Жеңгиз Фырат мырза ири түрк компаниялары Кыргыз Республикасын инвестициялоого (балык жана балык продуктыларын өндүрүү боюнча долбоор), ошондой эле Түркия Республикасына кыргыз продукциясын экспорттоого (органикалык пахта) кызыкдар экендигин маалымдады.

Жолугушуунун жыйынтыгында, министр Санжар Муканбетов жана элчи Жеңгиз Фырат мырза тарабынан өкмөттөр аралык комиссиянын 9-жыйынынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүнө мониторинг жүргүзүү боюнча биргелешкен жумушчу топ түзүү жөнүндө макулдашышты.

Тараптар жолугушуунун алкагында жетишилген макулдашуулар кыска мөөнөттө ишке ашырыла тургандыгына ишеним билдиришти.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу