Евразия комиссиясынын кеңешинин жыйыны

Новости
05-Февраль 2020-ж.
3740

2020-жылдын 30-январында вице-премьер-министр Ж.Разаков баштаган кыргыз делегациясы Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин (ЕЭК) жыйынына катышышты.

Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин атынан Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары - Э.Алишеров жана Евразия экономикалык бирлигин координациялоо башкармалыгынын начальниги - Н. Ильясова катышышты.

ЕЭК Кеңешинин жыйынынын жүрүшүндө Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - ЕАЭБ) ички рыногунун иштөөсүнүн алкагында тоскоолдуктарды четтетүү боюнча жана 2025-жылга чейин евразия экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багытын аныктаган документти даярдоо боюнча иштердин жүрүшү жөнүндө маселелер талкууланган.

Ошондой эле санариптик экономика, техникалык, бажылык жөнгө салуу, өнөр жай кооперациясы, Евразия экономикалык бирлигинде атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чараларды колдонуунун механизмдерин жакшыртуу маселелери каралды. Комиссиянын Евразия экономикалык бирлигинин газ жана мунай боюнча жалпы рыногун түзүүнүн жүрүшү жөнүндө баяны угулду.

ЕЭК Кеңешинин жыйынтыгында бир катар документтер кабыл алынган. 


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу