ЕАЭС ББТдан айырмаланган Кыргыз Республикасы үчүн товарлардын жана коюмдардын тизмесинин колдонулуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө

Новости
09-Январь 2020-ж.
4473

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги 2019-жылдын 20-декабрында Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйыны болуп өткөндүгүн маалымдайт.

Бул иш чарада Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин башчылары тарабынан Кыргыз Республикасы өткөөл мезгилдин ичинде Евразия экономикалык бирлигинин Бирдиктүү бажы тарифи менен белгиленген алымдардын коюмдарынан айырмаланган ташып кирүү бажы алымдарынын коюмдарын 2021-жылдын 1-январына чейин колдонгон товарлардын жана коюмдардын тизмесинин колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын сунушу каралды.

Мында белгилеп кетчү нерсе, ЕАЭБ ТЭИ ТНдин 8701 жана 8703-топторунун товардык позицияларына (айрыкча адамдарды ташууга арналган, фургондор, жүк жүргүнчү автомобилдери менен жарыш унаалары) жогоруда көрсөтүлгөн тизменин коюмдары колдонулбайт.

Көрсөтүлгөн товардык позицияларга ЕАЭБдин Бирдиктүү бажы тарифи менен белгиленген коюмдар иштейт.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу