Кыргыз Республикасынын Экономика министри кыргызстандыктарды келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктайт!

Новости
31-Декабрь 2019-ж.
2113

Урматтуу кызматкерлер, кыргызстандыктар!

Келе жаткан 2020-Жаңы жылыңыздар менен куттуктайм. Чын жүрөктөн бакыт, кубаныч, ийгилик каалайм. Ар бир адам өз көңүлүндө ишеним сезип, өлкөбүздө туруктуулук болсун жана алдыга койгон максаттарына жетишсин.

Бул жыл экономикалык көз караш менен караганда оңой болгон жок. Бирок биз экономиканы өнүктүрүү үчүн жакшы пайдубал курдук. Менде өлкөнүн экономикасы жакшырат деген чоң үмүт бар, - деп билдирди Санжар Муканбетов.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу