Кыргыз Республикасында МЖӨнүн биринчи долбоорун ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү максатында иштелип чыккан документтердин презентациясы болуп өттү

Новости
30-Декабрь 2019-ж.
3830

2019-жылдын 26-декабрында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өкүлдөрү үчүн “Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында гемодиализ кызмат көрсөтүүлөрүн уюштуруу” Кыргыз Республикасында МЖӨнүн биринчи долбооруна мониторинг жүргүзүүнүн алкагында иштелип чыккан документтердин презентациясына арналган иш-чаралар өткөрүлдү.

Аталган презентациянын алкагында КР Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү Kalikova & Associates компаниясынын эксперттери менен биргеликте МЖӨнүн аталган долбоорун даярдоо, ишке ашыруу жана мониторинг жүргүзүү боюнча өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүштү.

Маалымат үчүн:

Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында гемодиализ кызмат көрсөтүүлөрүн уюштуруу МЖӨ долбоору жеке өнөктү гемодиализ кызмат көрсөтүүлөрүн уюштуруу жана сапаттуу кызмат көрсөтүү менен тартуу максатында демилгеленген. Азыркы учурда МЖӨ долбоору ишке ашыруу стадиясында турат жана бөйрөк кемтиги бар 283 бейтапка гемодиализдик кызмат көрсөтүлөт.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу