Министр 2015-жылдын 8-майында Кыргыз Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Армения Республикасынын жана Россия Федерациясынын мамлекет башчылары кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында товарларды жана транспорттук каражаттарды, бажы жана товарларды көзөмөлдөнүн башка түрлөрүн жокко чыгаруу тууралуу чечимге кол коюулаарын маалымдады.
2015-жылдын 9-майынан баштап Казакстан менен бажы чек арасы жоюлат жана Евразия экономикалык биримдигине Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө Келишим толук иштеп баштайт.
Биз эркиндиктин төрт даражасын, башкача айтканда товарлардын, кызматтардын, капиталдардын жана жумуш күчүнүн эркин кыймылын камсыздаган Евразия экономикалык союзуна кошулуп жатабыз.
ЕАЭБнин өлкөлөрүнүн аймагы биздин эл үчүн - бизнес жана соода жүргүзүү, маданий, гуманитардык кызматташуу үчүн баардык мамилелерде.
Биз тилди билебиз жана бизде логистика түзүлдү жана ЕАЭБнин өлкөлөрү биз үчүн стратегиялык шериктештер жана жакын саясий, экономикалык, соода өнөктөштөшүбүз деп билдирди Министр.
Бажы биримдигинин өлкөлөрүнүн Кыргыз Республикасынын тышкы соодасынын жалпы көлөмүндөгү салыштырма салмагы 39,6 %ды түздү, анын ичинде экспортто- 43 % (алтынды эсепке албаганда) жана импортто- 43,9%. Кыргыз Республикасынын товар жүгүртүүсүндө өзгөчө чоң салыштырма салмакты Россия Федерациясы - 26,8% менен ээледи, андан кийин Казакстан- 11,7% .
Биз бул рынокко эмнени сунуштай алабыз? Бул биринчи кезекте айыл чарба продукциясын (жашылча-жемиштерди, пахтаны, тамекини), тамак-аш азыктарын (сүт, эт продукциясын), жеңил өнөр жайынын (тигүү буюмдарын) жана кайра иштетүү өнөр жайынын продукцияларын (айнекти, радиаторлорду).
Кыргызстандын экспортунун жалпы көлөмүнөн:
Республиканын ЕАЭБне киргенде кыргыз айыл чарба продукциясын экспорту үчүн рыноктор ачылат.
Биздин өндүрүүчүлөр ЕАЭБнин рынокторуна жеткиликтүү болуп калат, анткени бажы чек аралары жок болот, продукцияны экспорттоо үчүн бирдиктүү талаптар жана документтер колдонулат. Буга байланыштуу, айыл чарба продукциясы жергиликтүү рынокто кымбатташы мүмкүн, бул фермерлердин кирешелерине оң таасирин тийгизет.
Эмгек миграциясы боюнча, эгемендүүлүктү алгандан бери Кыргызстандын территориясынан КМШ өлкөлөрүнө жана алыскы чет мамлекеттерине 1 млн. жакын адам чыгып кеткен. Ошолордун ичинен 700 миңден ашыгы – Россия Федерациясына, алардын ичинен 500 миңдин тегерегиндегиси россиялык атуулдукту алышкан.
Кыргызстандын ЕАЭСке мүчөлүгү эмгек миграциясына байланыштуу көптөгөн көйгөйлөрдү жоюуга жардам берет:
1) мүчө өлкөлөрдүн жарандары ишке орношууга уруксатты алуусуз ЕАЭБне мүчө-мамлекеттеринин каалаганында иштөөгө укуктуу болушат;
2) квотталоо жана эмгек мигранттарына иштөөгө милдеттүү уруксаттар жокко чыгарылат;
3) эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн убактылуу болуу мөөнөтү каттоосуз 30 суткага чейин узартылат.
4) мүчө-мамлекеттер эмгектин улуттук рыногун коргоо максатында алардын мыйзамдарында белгиленген чектөөлөрдү колдонушпайт жана башка чектөөлөрдү белгилешпейт.
5) иштин: медициналык, юридикалык, педагогикалык жана фармацевтик түрлөрүнөн тышкары, бардык кесиптер боюнча дипломдорду өз ара таануу жөнүндө ченем иштейт.
-ЕАЭСке мүчө-мамлекеттердин жарандары- жеке жактардын кирешелерине салык мурдагыдай 183 күн өткөндө кийин эмес, ишке орношуунун биринчи күнүнөн тартып ички резиденттик ставка боюнча төлөнөт.
- социалдык камсыздандыруу жагында бардык төрт өлкөнүн жарандары үчүн улуттук режим аракеттенет.
-азыркы учурда тараптар пенсиялык камсыздоо жөнүндө келишимди иштеп чыгышууда, бирок ал 2015-жылдан кийин күчүнө кирет.
Инвестициялар:
Ошол эле мезгилде:
• инвестициялардын агып келүүсүнүн;
• жеңилдетилген «узак кредиттерди» пайдалануунун;
• жабдуунун лизингинин;
• кошумча жумуш орундарын түзүүнүн;
• соода агымдарынын өсүшүнүн эсебинен
экономиканы өнүктүрүүдө оң тенденциялар камсыздалат, биздин жарандардын жашоо деңгээлинин жана жыргалчылыгынын өсүшү болот.
ЭАЕСтин рыногуна чыгуу мүмкүндүгүн кеңейтүү жана айыл чарба продукцияларына болгон суроо-талаптын өсүшү облустардын, айрыкча түштүк региондордун экономикасын жандандырууга мүмкүндүк берет.
Мындан ары, Т.Сариев өлкөнүн инвестициялык климатын жакшыртуу боюнча ишкердик жана инвестициялык иштерди өнүктүрүү үчүн тосколдуктарды жараткан негизги көйгөйлөрдү жана тоскоолдуктар боюнча маалымдады.
Джалал-Абад облустуна болгон жумушчу иш-сапарынын алкагында (11-12 марта о.ж.), министр Т. Сариев ошондой эле Ала-Бука районундагы Бозумчак” кендүү жерине барат.