2020-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын аймагына жеке адамдар тарабынан алып келинүүчү автотранспорт каражаттарын бажылык тариздөө тартиби жөнүндө

Новости
25-Декабрь 2019-ж.
5111

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Кыргыз Республикасында 2020-жылдын 1-январынан тартып жеке адамдар тарабынан алынып келинүүчү автотранспорт каражаттарын бажылык жол-жоболоштурууда төлөнүүгө тийиш болгон импорттук бажы алымдарын колдонуунун тартибин жана шарттарын түшүндүрөт.

29-майда 2014-жылы Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө келишимди колдонуу боюнча шарттар жана өтмө жоболор жөнүндө протоколдун 26-пунктуна, Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирген айрым эл аралык келишимдерге жана 2014-жылдын 29-майындагы КР ЕАЭБ жөнүндө келишимге кошулгандыгына байланыштуу ЕАЭБ органдарынын актыларына ылайык, Кыргыз Республикасы улуттук мыйзамдарга ылайык жеке пайдалануу үчүн автомобилдерге карата бажы алымдарынын коюмдарын 2019-жылдын 31-декабрына чейин колдонот.

Жеке жактар үчүн Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2017-жылдын 20-декабрындагы “Жеке пайдалануу үчүн товарларга байланыштуу өзүнчө маселелер жөнүндө” Чечиминин (Мындан ары - № 107 Чечим) 2-тиркемесинде белгиленген жеңил автомобилдерге жана жеке пайдаланууга ташып келинүүчү башка мотордук транспорттук каражаттарга карата бажы алымдарынын, салыктардын ставкалары 2020-жылдын 1-январынан тартып иштей баштайт.

ЕЭК № 107 Чечимине ылайык автоунаа каражаттарын бажылык декларациялоодо, жеке жак тарабынан алып келинген бажы органына транспорт каражатынын паспорту жана декларанттын ким экендигин ырастаган документ (паспорт) берилет.

Бирок, Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу жеке адамдар, автотранспорт каражаттары, ошондой эле ЕАЭБдин Бажы кодексинин 108-беренесинин ченемдерин сактаган шартта, ЕАЭБдин Бирдиктүү бажы тарифинде (ЕАЭБ ББТ)белгиленген коюмдар боюнча алып келинген автотранспорт каражаттарын жол-жоболоштурууга укуктуу.

Мында жеке жактар тарабынан ЕАЭБдин Бирдиктүү бажы тарифинде каралган коюмдар боюнча автотранспорт каражаттарын бажылык декларациялоодо, бажы органына тышкы экономикалык бүтүм жасалгандыгын тастыктаган төмөнкүдөй документтерди берүү зарыл:

- декларанттын ким экендигин күбөлөндүргөн документ (паспорт);

- автотранспорт каражаттарын сатып-алуу (контракт) келишими;

- транспорт каражатынын паспорту;

- ташып келүүгө келишим;

- камсыздандыруу келишими;

- келип чыккан өлкөнү тастыктаган документтер.


ЕАЭБдин Бажы кодексинин 83-беренесине ылайык бажы жол-жоболоруна жайгаштырылган товарлардын декларанттары катары ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин адамдары чыга алышат.

ЕАЭБдин Бажы кодексинин 2-беренесинин 1-пунктунун 17-пунктчасына ылайык, ЕАЭБге мүчө мамлекеттин жүзү болуп юридикалык жак, ошондой эле мүчө-мамлекетте туруктуу жашаган жеке адам саналат, анын ичинде мүчө-мамлекеттин мыйзамдарына ылайык катталган жеке ишкер эсептелет.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу