Мамлекеттик органдардын адистери КР программаларынын контекстиндеги ТӨМ ортосундагы өз ара байланыштарга комплекстүү талдоо жүргүзүү менен билим алышты

Новости
20-Декабрь 2019-ж.
3810

2019-жылдын 17-18-декабрларында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде Кыргыз Республикасында туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарына жетүү боюнча Улуттук ыктыярдуу серепти (УЫС-2020) даярдоонун алкагында Кыргызстандын улуттук стратегияларынын жана программаларынын контекстинде туруктуу өнүктүрүү максаттарынын өз ара байланыштарына комплекстүү талдоо жумушчу семинар өткөрүлдү.

Жумушчу семинарга Улуттук ыктыярдуу сереп долбоорун даярдоо боюнча жумушчу топтордун мүчөлөрү катышышты. Стамбул шаарынын борбордук БУУӨП программалык адиси Михаил Пелях тарабынан өз ара байланыштарды комплекстүү талдоого даярдоодо башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы жана мамилелери, КДБ-2020 даярдоо боюнча колдонмодон алынган негизги сунуштар жана талдоо жүргүзүү үчүн негизги методикалар тууралуу маалымат берилди.

Семинардын катышуучулары КР программаларынын контекстиндеги ТӨМ ортосундагы өз ара байланыштарга комплекстүү талдоо жүргүзүү жана ТӨМ жетишүү үчүн тездетилген натыйжага ээ болгон улуттук артыкчылыктарды аныктоо үчүн билим алышты.

Мындай талдоо жүргүзүү ТӨМ ишке ашыруу боюнча Улуттук ыктыярдуу сереп (УЫС) алкагында ТӨМдү ишке ашырууда Улуттук мамиленин сапаттуулугун көрө билүү жана кийин өлкөнүн сектордук саясаттарын жана стратегияларын ылайыкташтыруу үчүн колдонулушу мүмкүн.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу