“Региондорду комплекстүү өнүктүрүү” GIZ программасынын Байкоочу кеңешинин экинчи жыйыны

Новости
20-Декабрь 2019-ж.
4008

2019-жылдын 17-декабрында 2019-жылдын программасынын жыйынтыктары жана кийинки жылга карата пландары менен таанышуу максатында Программаны ишке ашыруу боюнча Байкоочу кеңештин экинчи жыйыны болуп өттү. Аталган кеңештин мүчөлөрү болуп КР Экономика министрлигинин, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин, КР Финансы министрлигинин, КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин өкүлдөрү, Европа Биримдигинин (ЕБ) Кыргызстандагы өкүлчүлүктөрү, Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Швейцария өнүгүү жана кызматташтык башкармалыгынын, КРдагы ЖӨБ Союзунун жана “Айыл аймактарын комплекстүү өнүктүрүү” GIZ программасынын ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү саналат. Кеңештин төрагасы катары Экономика министринин орун басары Автандил Алыбаев эсептелет.

Программа кеңештин мүчөлөрүн 2019-жылдагы жетишкендиктери жөнүндө тааныштырды.

Башкы жетишкендиктердин ичинде айыл чарбасын жана туризмди өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашыруу жана жашыл экономика жумалыгына активдүү катышуу жана бардык Жалал-Абад облусу боюнча туристтик көрсөткүчтөрдү орнотууүчүн коммерциялык эмес уюмдардын арасында долбоордук табыштамалардын биринчи конкурсун өткөрүү белгиленди. Программанын планында Жалал-Абад облусунун жана жакынкы өлкөлөрдүн фермерлеринин ортосунда тажрыйба алмашуу боюнча иш-чаралар, коммерциялык эмес уюмдардын арасында долбоордук арыздар боюнча эки конкурс өткөрүү жана Жалал-Абад облусу боюнча тааныштыруу туристтик сапарларын өткөрүү бар.

Экономика министрлигинин аймактарды өнүктүрүү саясаты бөлүмү программа менен тыгыз кызматташып жана программанын бардык иш-чараларына катышып жаткандыгын белгилей кетүү керек. Программа ЕБ жана Германия экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү боюнча федералдык министрлигинин (BMZ) кош каржылоосунда Deutsche Gesellschaft für Internationale Zusammenarbeit (GIZ) GmbH (Эл аралык ызматташуу боюнча Германиялык коом) тарабынан ишке ашырылат. Программанын бюджети 11,3 млн. евро түзөт, анын ичинен ЕБ тарабынан 9,8 млн.евро бөлүнгөн. Программа 2018-жылдын октябрынан 2022-жылдын ноябрына чейин иштейт жана Жалал-Абад облусунун айыл калкынын киреше алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө багытталган. Программа потенциалын арттыруу, чакан инвестициялар, жергиликтүү фермерлерди, туристтик кызмат көрсөтүүчүлөрдү, жарандык коомду жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын колдоо аркылуу инклюзивдүү жергиликтүү экономикалык өнүгүүгө көмөк көрсөтөт.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу