КР социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2019-жылдын январь-ноябрь айларындагы негизги көрсөткүчтөрү боюнча кыскача экспресс-маалымат

Новости
19-Декабрь 2019-ж.
5186

Алдын ала баалоо боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин 2019-жылдын январь-ноябрь айларынын жыйынтыгы боюнча ички дүң продуктунун көлөмү (Мындан ары - ИДП) 513,4 млрд сом суммасында түзүлдү жана өсүштүн реалдуу темпи Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканаларды кошпогондо 4,9% ды түздү (2018-жылдын январь-ноябрында 103,1% ды түздү), өсүш темпи 103,5% ды түздү (2018 - жылдын январь-ноябрында-103,2 %). ИДПнын дефлятору 100% дын деңгээлинде түзүлдү.

Экономикалык өсүш экономиканын бардык секторлору менен камсыздалды: айыл чарбасында көлөмдөр 1,9% га, курулушта – 9,8% га, өнөр жайда – 10,0% га, кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө – 2,8% га реалдуу өстү.

1-таблица

ИДПны түзүүчү секторлор боюнча түзүм жана өсүш темптери[1]


Көрсөткүчтөр

2018-ж. январь-ноябрь

(алдын ала факт)

2019-ж. январь-ноябрь

(алдын ала факт)

млн сом

өсүү темпи,%

ИДПга карата % менен

млн сом

өсүү темпи,

%

ИДПга карата % менен

ИДПнын өсүшүнө салымдын үлүшү

ИДП

489237,0

102,1

100,0

513405,1

104,9

100,0

4,9

Өндүрүш

91667,4

101,4

18,7

103415,3

110,0

20,1

1,87

Айыл чарба

62365,4

102,4

12,7

65359,3

101,9

12,7

0,24

Курулуш

39879,3

105,3

8,2

44355,2

109,8

8,6

0,80

Кызмат көр. чөйрөсү

222565,4

101,7

45,5

227989,3

102,8

44,4

1,27

Продуктуга таза салык

72759,5

102,1

14,9

72286,0

104,9

14,1

0,73


Номиналдуу ИДП түзүмүндө экономикада түзүлгөн тенденциялардын натыйжасында товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү, 1,8 пайыздык пунктка көбөйгөн жана 41,4% ды түзгөн, ал эми кызмат көрсөтүү тармактарынын үлүшү 1,1 пайыздык пунктка төмөндөгөн жана 44,4% ды түзгөн.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу