Экономика министрлигинин башчысы Япониянын Элчиси менен болгон жолугушууда соода, туризм, билим берүү жаатындагы эл аралык кызматташтыкты алга жылдыруу жөнүндө макулдашты

Новости
10-Декабрь 2019-ж.
4023

2019-жылдын 9-декабрында Кыргыз Республикасынын Экономика министри Санжар Муканбетовдун Япониянын КРдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сигэка Маэда мырза менен жолугушуусу болду.

С.Муканбетов белгилегендей, КР Экономика министрлиги соода, инвестициялар, ишкердик сыяктуу Япония менен өз-ара аракеттешүүнү өнүктүрүүгө жана активдештирүүгө чоң маани берет.

Аталган жолугушуунун жүрүшүндө министр С. Маэда мырзаны Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу Элчиси кызматына дайындалышы менен куттуктады жана мындан аркы иштерине ийгилик каалады.

Экономика министрлигинин башчысы Элчиге Ысык-Көл моделин башка аймактарга жайылтуу боюнча “Бир айыл - бир продукт” долбоорунун 3-фазасын ийгиликтүү ишке ашыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Экономикалык мамилелерди өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү максатында тараптар соода, туризм, билим берүү ж.б. тармактарда эл аралык кызматташтыкты алдыга жылдыруу боюнча келишимдерге жетишишти.

Ошол эле мезгилде Элчи мырза КР инвестицияларды тартууга, ошондой эле Япониянын бизнес-чөйрө өкүлдөрүнүн Кыргызстандын экономикасынын артыкчылыктуу секторлору менен таанышуусуна кызыкдарлыгын билдирди.

Жолугушуунун катышуучулары Тараптардын эки тараптуу кызматташуунун бардык маселелерин чечүүгө карата конструктивдүү мамилелери достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн негизинде бардык негизги багыттар боюнча өз ара алгылыктуу чечимдерди табууга мүмкүндүк берерине ишеним билдиришти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу