Министр Т. Сариев: Евразия экономикалык союзуна Кыргыз Республикасынын кошулуусунун алкагындагы келечек жана ишкер-аялдарды адаптациялоо жөнүндө.

Новости
02-Февраль 2015-ж.
2297
""Бул тууралуу бүгүн 2015-жылдын 2-мартында министр Темир Сариев Бишкек шаарында, Кыргыз Республикасынын аялдарынын улуттук форумунун алкагында К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде өткөн «Жаңы чакырыктар жана аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрү» конференциясынын жүрүшүндө маалымдады.

Министрдин сөзү боюнча, биз эркиндиктин төрт даражасын, башкача айтканда товарлардын, кызматтардын, капиталдардын жана жумуш күчүнүн эркин кыймылын камсыздаган Евразия экономикалык союзуна кошулуп жатабыз. ЕАЭСтин аймагы- бардык мамилелерде, анын ичинде бизнес жаа соода жүргүзүү, маданий, гуманитардык кызматташуу үчүн ыңгайлуу мейкиндик.

Бажы биримдигинин өлкөлөрүнүн Кыргыз Республикасынын тышкы соодасынын жалпы көлөмүндөгү салыштырма салмагы 39,6 % түзөт, анын ичинде экспортто- 43 % (алтынды эсепке албаганда) жана импортто- 43,9%. Кыргыз Республикасынын товар жүгүртүүсүндө өзгөчө чоң салыштырма салмакка Россия Федерациясы ээ- 26,8%, андан кийин Казакстан- 11,7% .

Бул баарынан мурда айыл чарба продукциясын (жашылча-жемиштерди, пахтаны), тамак-аш азыктарын (сүт, эт продукциясын), жеңил өнөр жайынын (тигүү буюмдарын) жана кайра иштетүү өнөр жайынын продукцияларын (айнекти, радиаторлорду) башкача айтканда бул аялдардын көпчүлүгү иштеген тармактар.
Кыргызстандын экспортунун жалпы көлөмүнөн:
Россия
20% жашылчалар жана жемиштер
68,1% пахта
12% айнек
64% тамеки
27% кызытма лампалары
30%радиаторлор
Казакстан
100% электрэнергия
99%сүт продукциясы
73% жашылчалар жана жемиштер
74% тирүү мал
98% тигүү буюмдары
44% айнек
Беларусь
27%радиаторлор

КРдин Улуттукстаткомунун маалыматтарына ылайык аялдардын 89 % көбү текстиль жана тигүү өндүрүшүндө иштешет, «Легпром» Ассоциациясынын маалыматтары боюнча тигүү өндүрүшүндө 150дөн 200 миңге чейин адам иштейт, анын көпчүлүгү аялдар.
Аялдардын 30 пайызы айыл чарбасында иштешет. Учурда Кыргызстандын айыл жергесиндеги аялдары мал багышат, өсүмдүктөрдү өстүрүшөт, продуктыларды жана мөмө-жашылчаларды кайра иштетишет, бул өзү аябагандай көп күчтү талап кылуучу эмгек. Буга карабастан, дыйкан чарбаларынын 16 пайызын аялдар жетектешет,- деп министр белгилеп кетти.

Кыргыз Республикасы ЕАЭСке киргенде кыргыз айыл чарба продукциясынын экспорту үчүн рыноктор ачылат. Биздин өндүрүүчүлөр үчүн ЕАЭСтин рыноктору жеткиликтүү болуп калат, анткени бажы чек аралары алынат, продукцияны экспорттоо үчүн бирдиктүү талаптар жана документтер колдонулат. Буга байланыштуу, айыл чарба продукциясы жергиликтүү рынокто кымбатташы мүмкүн, бул фермерлердин кирешелерине оң таасирин тийгизет.

Соңку жылдары ЕАЭСтин өлкөлөрүнө болгон миграциялык агым айрыкча маанилүү болуп саналууда. Ошону менен бирге, эмгек миграциясына кетип жаткан аялдардын саны жогорулоодо: 10 жылда дээрлик 6 эсеге өстү. Буга мигрант-аялдарга, айрыкча кызмат көрсөтүүдө өсүп жаткан сурам көмөк көрсөтүүдө.

Кыргызстандын ЕАЭСке мүчөлүгү эмгек миграциясына байланыштуу көптөгөн көйгөйлөрдү жоюуга жардам берет: мүчө өлкөлөрдүн жарандары ишке орношууга уруксатты алуусуз ЕАЭСке мүчө-мамлекеттеринин каалаганында иштөөгө укуктуу болушат; квоталоо жана эмгек мигранттарына иштөөгө милдеттүү уруксаттар жокко чыгарылат; бажы биримдигинин мамлекеттеринин аймагында эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн убактылуу болуу мөөнөтү каттоосуз 30 суткага чейин узартылат; мүчө-мамлекеттер эмгектин улуттук рыногун коргоо максатында алардын мыйзамдарында белгиленген чектөөлөрдү колдонушпайт жана башка чектөөлөрдү белгилешпейт; иштин: медициналык, юридикалык, педагогикалык жана фармацевтик түрлөрүнөн тышкары, бардык кесиптер боюнча дипломдорду өз ара таануу жөнүндө ченем иштейт.

Бул союздун алкагындагы ири «плюс» жана артыкчылык; ЕАЭСке мүчө-мамлекеттердин жарандары- жеке жактардын кирешелерине салык мурдагыдай 183 күн өткөндө кийин эмес, ишке орношуунун биринчи күнүнөн тартып ички резиденттик ставка боюнча төлөнөт. Бул жумушчулар жана иш берүүчүлөр үчүн өзгөчө маанилүү; социалдык камсыздандыруу жагында бардык төрт өлкөнүн жарандары үчүн улуттук режим аракеттенет. Мисалы, бала бакчага, мектепке сиздин балаңызды сиз келген өлкөнүн жарандары үчүн каралган шарттарда кабыл алышат. Медициналык камсыздоо тармагында дагы жагдай ушундай. ЕАЭСтин алкагында ар бир өлкөдө мамлекет тарабынан кепилденген бардык медициналык кызматтар ЕАЭСтин өлкөлөрүнүн бардык жарандары үчүн бирдей даражада жеткиликтүү болот; азыркы учурда тараптар пенсиялык камсыздоо жөнүндө келишимди иштеп чыгышууда, бирок ал 2015-жылдан кийин күчүнө кирет.

Ошондой эле, министр Т. Сариев 1 млрд. АКШ доллар капиталы менен түзүлүп жаткан Кыргыз-Россия Өнүктүрүү фонду жөнүндө маалымдады.
Фонддун каражаттары Кыргыз Республикасынын экономикасынын артыкчылыктуу секторлорундагы:
-агро өнөр жай комплексиндеги;
-тигүү жана текстиль өнөр жайындагы;
-кайра иштетүүчү өнөр жайындагы;
-тоо-кен казуучу жана металлургия өнөр жайындагы;
-транспорттогу;
-турак-жай курулушундагы;
-соодадагы;
-ишкердикти өнүктүрүүдөгү;
-инфратүзүмдү өнүктүрүүдөгү өзүн-өзү актоочу долбоорлорду каржылоого жумшалат.
Мындан тышкары, россия тарабы өткөрүүнүн бажы пункттарын, санитардык, фитосанитардык, ветеринардык постторду жана лабораторияларды жабдууга багытталган инфратүзүмдүк иш-чараларды ишке ашыруу үчүн 200 млн. АКШ доллары өлчөмүндө жардам берүүнү камсыздайт.
Бул инфратүзүмдүк иш-чаралар Кыргыз Республикасынын экспорттук потенциалын, продукциянын сапатынын коопсуздугун жогорулатуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү ошондой эле, коррупция жана жашыруун экономика менен күрөшүү үчүн керек.
ЕАЭСке кошулуу жөнүндө келишимге кол койгондогу Кыргыз Республикасынын жетишкендиги- Бирдиктүү бажы тарифинин бажы алымдарынын ставкалары кыргыз-казак чек арасындагы бажылык контроль алып салынган күндөн тартып колдонулаары болуп саналат. Ал эми ЕАЭСтин өлкөлөрү Бирдиктүү бажы тарифтерди Бажы биримдиги иштеп баштаган учурдан тартып колдонушууда.

Бажы биримдигине кошулган учурда Кыргыз Республикасында аларга карата өткөөл мезгил ичинде Бирдиктүү бажы тарифинин ставкаларынан айырмаланган бажы алымдарынын ставкалары колдонула берет.
Тизме 168 товардык позициядан турат, алар төмөнкүлөр үчүн керек:
- өнөр жай өндүрүшү үчүн – машина куруунун өнөр жай ишканалары үчүн материалдар, жарылуучу заттар, желимден жасалган буюмдар, тамак-аш өнөр жайы үчүн боёчу заттар, жылуулук насостору, штамптоочу пресстер жана башка жабдуулар жана станоктор – 57 товардык позиция;
- айыл чарба өндүрүшү үчүн- үрөн фондусу, балыктар үчүн тоют, гербициддер, ветеринардык вакциналар, мала, чөп пресстөөчү жабдуулар, тоюттар үчүн айыл чарба жабдуусу жана кызылчаны жыйноо үчүн машиналар, муздатуучу жабдуу, жылуу бастырмалар- 34 товардык позиция;
- транспорт-автотранспорт каражаттары, анын ичинде тракторлор, комбайндар- 35 товардык позиция;
- саламаттыкты сактоо – вакциналар, дарылар- 42 товардык позиция.

Белгилеп кетчү нерсе аялдар коомчулугунун, өкмөттүк эмес уюмдардын демилгеси боюнча учурдагы жылдын 2-3-мартында бардык облустардан өкүлдөрдүн жана башка өлкөлөрдөн меймандардын катышуусунда Кыргыз Республикасынын аялдарынын улуттук форуму болуп өттү. Ушул Форумду өткөрүүнү координациялоо «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фондго жүктөлгөн.

Форум Кыргыз Республикасынын аялдар кыймылынын 90 жылдыгына, Пекин шаарында Дүйнөлүк Аялдар форумун өткөрүүнүн 20 жылдыгына, тынчтыкты колдоодо, тынчтыкты сактоодо жана постконфликттик калыбына келтирүүдө алдардын баркын таануу боюнча БУУнун Коопсуздук кеңешинин 1325 резолюциясынын 15 жылдыгына арналган.
Онлайн кайрылуу