Мамлекеттик органдар үчүн глобалдык адал - сооданы, стандартташтырууну, логистиканы жана туризмди өнүктүрүү жөнүндө

Новости
09-Декабрь 2019-ж.
4007

2017-2020-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасында адал-индустрияны өнүктүрүү Концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын ишке ашыруу максатында, КР Экономика министрлиги Ислам өлкөлөрү үчүн статистикалык, экономикалык жана социалдык изилдөөлөр жана окутуу борборунун катышуусу менен 2019-жылдын 10-12-декабрларында саат 9:00-17:00 чоң залда “Адал-Туризм” темасындагы семинар өткөрөт.

Семинарды Ислам өлкөлөрү үчүн статистикалык, экономикалык жана социалдык изилдөөлөр борборунун жана Малайзиянын Туризм департаментинин эксперттери өткөрүшөт.

Семинардын алкагында адал соода-сатыкты, адал-жабдуу чынжырчаларынын тутумун илгерилетүү жана аны камсыздоо, адал стандартташтыруу, халал логистика жана туризм маселелери талкууланат.

Аталган семинар мамлекеттик органдардын адистери, Адал туризм, КМДБ менен иш алып барган чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү үчүн уюштурулду.

Кыргызстанда адал-индустрия КР кошумча инвестицияларды тартууга мүмкүндүк берген экономиканы өнүктүрүүгө мындан ары дем берүүчү кошумча атаандаш индустрия катары каралат. 

Маалымат үчүн:

Ислам өлкөлөрү үчүн статистикалык, экономикалык жана социалдык изилдөө жана кадрларды даярдоо борбору Ислам Кызматташтык Уюмунун кошумча органы катары №2 / 8 –Е резолюциясына ылайык түзүлгөн, Тышкы иштер министрлеринин сегизинчи Ислам Конференциясы 1977-жылдын май айында Триполиде өткөн.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу