Транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү боюнча ченемдер түшүндүрүлдү

Новости
06-Декабрь 2019-ж.
4141

2019-жылдын 6-декабрында Экономика министрлигинде Nехникалык жөнгө салуу жана метрология башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын Транспорт каражаттарын (диагностикалык борборлорду) техникалык кароону өткөрүү боюнча контролдоо органдарынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү боюнча (диагностикалык борборлорфото жана видео фиксациялоо жол - жобосун контролдоо органдары тарабынан жүргүзүү бөлүгүнө киргизилген ченемдер жана анын жыйынтыктары жөнүндө “Түндүк” ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы менен интеграцияланган техникалык кароонун бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтык системасы түшүндүрүлдү.

Ошондой эле КР аймагында транспорттук каражаттарды техникалык кароодон өткөрүүчү диагностикалык борборлор транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүүнү милдеттүү фото жана видеофиксациясын караштырган аппаратура жана техникалык кароодон өткөрүүнүн жыйынтыгы жөнүндө маалыматтарды техникалык кароонун автоматташтырылган бирдиктүү маалыматтык системасына киргизүү үчүн техникалык каражаттарды жана техникалык каражаттар менен жабдылууга тийиш.

КРӨ 2013-жылдын 3-майындагы токтому менен бекитилген Транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү тартиби жөнүндө жобого КРӨ 2019-жылдын 21-ноябрындагы “КР Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому менен өзгөртүүлөр киргизилген.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу