Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, шаарлардын мэрияларынын, КРӨнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ишин баалоо боюнча өзгөртүү талкууга алынат

Новости
04-Декабрь 2019-ж.
3903

КР Экономика министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы “Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Бишкек, Ош шаарларынын мэрияларынын жана алардын жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ишин баалоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун жалпы талкууга алып чыгат.

Бул токтомдун долбоорунун максаты болуп аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасынын максаттарын жана милдеттерин ишке ашыруу боюнча алардын жетекчилеринин ишин баалоо системасын өркүндөтүү, ошондой эле ошондой эле калк тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине баа берүүгө карата кайра байланышты камсыз кылуу эсептелет.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоору бүгүнкү күнгө карата мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине калктын ишеним индексин эсептөө методикасын карайт (КИИ) областтык, райондук маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролун баалабайт. Калкты сурамжылоо анкетасы республикалык маанидеги Бишкек жана Ош шаарларын баалоону болжолдойт.

Мында Кыргыз Республикасында 29 шаар жана 453 айылдык аймак бар экенин белгилей кетүү керек, алар Кыргыз Республикасында бийлик системасынын курамдык бөлүгү катары жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасында турат.

Ушуга байланыштуу, жалпысынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына болгон калктын ишеним индексинин бааланышына баа берүү жергиликтүү бийлик органдарынын калк менен туруктуу өз ара байланышты камсыз кылуу үчүн киргизилген, бул жалпысынан муниципалдык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатат.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу