Экономика министрлиги “Көз карандысыз экологиялык экспертиза” КУ менен биргеликте ГМТнын негизинде химиялык заттардын коркунучтуулугун классификациялоо тутумун жана маалымдоо элементтерин киргизүү” темасында семинар өткөрөт.

Новости
01-Март 2015-ж.
2215
2015-жылдын 3-мартында саат 9-00 дөн 17-00 гө чейин КР Экономика министрлиги жана Көз карандысыз экологиялык экспертиза” КУ биргеликте Достук” мейманканасында «Глобалдык деңгээлде макулдашылган Кыргыз Республикасындагы химиялык заттардын коркунучтуулугун классификациялоо жана маркалоо тутумунун (ГМТ) негизинде химиялык заттардын коркунучтуулугун классификациялоо тутумун жана маалымдоо элементтерин киргизүү” темасында семинар өткөрөт.

Бул семинарда «Глобалдык деңгээлде макулдашылган Кыргыз Республикасындагы химиялык заттардын коркунучтуулугун классификациялоо жана маркалоо тутумунун (ГМТ) негизинде химиялык заттардын коркунучтуулугун классификациялоо тутумун жана маалымдоо элементтерин киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-февралындагы № 43 токтому тууралуумаалымат берилет.

Семинарга көзөмөлдөө/текшерүү боюнча мамлекеттик аткаруу органдардын, сыноо лабораторийлердин, ылайык келтирүүнү баало органдардын, өндүрүүчү/ташуучу бизнес түзүмдөрдүн өкүлдөрү катышышат. Программа (жүктөп алуу).
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу