Бишкекте “МЖӨ жана Бизнес: кызматташуу же атаандаштыгы” тегерек столу өтөт

Новости
02-Декабрь 2019-ж.
3599

2019-жылдын 3-декабрында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде КР ЭМ караштуу Мамлекеттик - жеке өнөктөштүк борбору КР Финансы министрлигинин Окуу борбору менен биргелешип “JIA” Бизнес Ассоциациясы, “Эмарк” ТКК жана “Бурана гранд” ЖЧК менен өнөктөштүктө кызыкдар болгон бардык адамдарды “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жана Бизнес: кызматташтык же атаандаштык?!” темасындагы тегерек столго катышууга чакырат. Тегерек стол “Дамас”, Diamond hall отелинде саат: 9:00 дан 13:00 го чейин Бишкек ш. Жумабек, 107 көч. 2-кабатта өтөт.

Тегерек столдун жүрүшүндө жеке сектордун МЖӨ долбоорлоруна катышуусунун мыйзамдык негиздерин талкуулоо, МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруучу бизнестин өкүлдөрү менен талкуулоо, алардын көйгөйлөрүн жана каалоолорун талкуулоо, ошондой эле Кыргызстандын инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча биргелешип иштөөдө мамлекет жана бизнес үчүн ачылган мүмкүнчүлүктөр жөнүндө билүү пландаштырылууда.

Мамлекеттин жана бизнестин, элдин жыргалчылыгы үчүн коомдук инфраструктураны өнүктүрүү маселелеринде кызматташтык үчүн өз ара кызыкчылыктарды табууга мүмкүнчүлүгү бар.

Маалымат үчүн:

2019-жылдын 28-июнунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү КР Экономика министрлигинин алдындагы МЖӨ борборун түзгөн. 2019-жылдын 22-июлунда “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” КР жаңы Мыйзамы кабыл алынган. Азыркы учурда Кыргызстанда гемодиализ борборлорун түзүү, “Кызыл-Кыргызстан” кинотеатрын куруу, шаардык коомдук транспортто электрондук билет өткөрүү боюнча бир нече МЖӨ долбоорлору ишке ашырылууда. Бала бакчаларды, шаардык парктарды куруу, логистикалык борборду куруу жана башкалар боюнча долбоорлор даярдоо процессинде. МЖӨ жөнүндө Мыйзамдын жаңылыктарынын бири болуп жеке компаниялардын МЖӨ долбоорлорун демилгелөө укугун караган жоболор саналат. Көпчүлүк өлкөлөрдө МЖӨнүн долбоорлорунун 25% дан 50% га чейинкиси жеке компаниялар тарабынан демилгеленет. Мамлекет ошондой эле долбоорлорду даярдоонун жана конкурсту өткөрүүнүн жол-жоболорунун татаалдыгына жана узактыгына байланыштуу бизнес менен жөн эле кызматташып келет.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу