КР ЭМ - кызматкерлерди өзүнө тартуучу мекеме

Новости
28-Ноябрь 2019-ж.
3425

КР Экономика министрлигинде учурдагы конкурста бир бош кызмат ордун ээлөөгө 5тен 31ге чейинки иш издөөчү талапкерлигин коюуда. Бул тууралуу КР Экономика министрлигинин персоналдар менен иштөө бөлүмү билдирди.

Бул конкурс 10 бош орунга өткөрүлөт, алардын ичинде: 4 - бөлүм башчы, 1 – сектор башчы жана 5 адис. Конкурска катышуу үчүн 232 арыз кабыл алынган. Документтердин квалификациялык талаптарга шайкештигин кароо этабынан соң 218 талапкер конкурска киргизилди. Алардын ичинен127 эркек жана 91 аял. Тестирлөө этабы өткөрүлгөндөн кийин маектешүүгө кирүү үчүн 124 талапкерге уруксат берилген.

“Бүгүнкү күндө КР Экономика министрлигинде иштөө кыйла жагымдуу. Биздин команда жаш дымактуу, күчтүү профессионалдардан куралган, кызматкерлер толук социалдык пакет менен камсыз болуп, проф.союз жигердүү иштөөдө. Биз тажрыйбалуу мамлекеттик кызматкерлердин, ошондой эле жаш адистердин арасында өлкөнүн негизги министрлиги менен кызматташууга кызыгуунун өскөндүгүнө кубанычтабыз - бүгүнкү күндө мыктылардын мыктысын тандай алабыз”, – деди КР ЭМ Статс-катчысы А. Шаршеев. 

Талапкерлер төмөнкү параметрлер боюнча бааланат - инсандык сапаттар, лидерлик сапаттар, кесиптик сапаттары, мотивация, логика жана оюн ачык-айкын баяндоо жөндөмдүүлүгү, мындан тышкары талапкерлер тандалып алынган кызмат орундарынын функцияларына тиешелүү темаларда эссе жазышат.

Конкурсанттардын көпчүлүгү мамлекеттик кызматчылар же мурда мамлекеттик кызматчы болгондор, ошондой эле алардын арасында мамлекеттик кызматта иш тажрыйбасы жок, кенже кызмат ордуна талапкерлер да бар. 

Конкурстук комиссия тарабынан конкурстун бардык этаптарынын жыйынтыктары боюнча эң жогорку балл топтогон талапкерлерди дайындоо сунушталат. 

Максималдуу баллдан 70 жана андан көп пайызын алган талапкерлер, министрликтин кадрларынын ички резервине киргизүүгө сунушталат.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу