Банкроттук иштер боюнча Департаменти “Кристалл” ААК атайын администрациялоодо мыйзам чегинде иш алып барган

Новости
22-Ноябрь 2019-ж.
4183


Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Банкрот иштери боюнча департаменттин (БИД) кызмат адамдары “Кристалл” ААК атайын администрациялоо жүргүүзүдө А. Елисеевдин пайдасына 120 млн. сомдон ашуун каражат чыгарууга аракет кылышкан деген маалымат анык эмес

Ушуга байланыштуу, БИД Жалал-Абад облусунун экономикалык иштер боюнча райондор аралык сотунун чечими менен 2010-жылдын 4-июнундагы ЭД-165/10МД “Кристалл” ААКтын иши боюнча банкрот деп табылгандыгын билдирет.

2011-жылдан тартып “Кристалл” ААК мүлктү сатуу боюнча 18 соода өткөргөн.

“Кристалл” ААК мүлктүк комплексин ишке ашыруу боюнча акыркы аукцион, 2018-жылдын 16-мартында атайын администратор тарабынан баштапкы (болжолдуу) чендик наркын 50% - 248130,3 миң сом азайтуу менен бирдиктүү лот аркылуу өткөрүлгөн.

Жогоруда аталган аукционго “Тиан Цы” ЖЧК жана “Ваньцюань ЛТД гидроэлектриясын өнүктүрүү боюнча гуансиялык компания” Кытай компаниясынын өкүлдөрү катышкан. Аукциондун жеңүүчүсү болуп “Кристалл” ААКнын мүлктүк комплекси үчүн 423340,0 миң сом сунуштаган “Ваньцюань ЛТД гидроэлектриясын өнүктүрүү боюнча гуансиялык компания” Кытай компаниясы таанылган.

Мүлктүк комплексти сатып өткөрүүдөн “Кристалл” ААКнын кредитордук карызы толук жоюлду.

Мында akipress.org сайтында сөз болуп жаткан 120 млн. сомдун 67,0 млн.сому атайын администратор тарабынан КР УКМК депозиттик эсебине сактоого которулган, “Кристалл” ААКнын эсептешүү эсебинде турган калган сумма боюнча “Кристалл” ААК кредиторлору менен соттук териштирүүлөр аякталган эмес.

“Кристалл” ААКсын сатуудан түшкөн акча каражаттардын калдыгын мамлекеттин кирешесине которуу жөнүндө маселе дал ушул Банкрот иштери боюнча департамент тарабынан демилгеленгендигин белгилей кетүү керек.

2018-жылдын 18-июнунда БИД тарабынан Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын дарегине “Ester Holding Corp.” компаниясынын ээлик кылуу мыйзамдуулугун текшерүү жөнүндө кат жөнөтүлгөн, ал А. Елисеевге, “Кристалл” ААК акцияларына байланыштуу болгон.

Акча каражаттардын калдыгын тескөө маселеси укук коргоо органдары менен бирдикте атайын администратор тарабынан каралган.

Ошентип, сайте akipress.org сайтына жайгаштырылган маалымат анык эмес.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу