Экономика министрлигинин башчысы Бизнес-омбудсмен менен болгон жолугушууда кызматташтык маселелерин талкуулашты

Новости
22-Ноябрь 2019-ж.
4298

2019-жылдын 21-ноябрында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде министр Санжар Муканбетовдун Бизнес-омбудсмен Робин Орд-Смит жана Бизнес-омбудсмендин орун басарлары Нурлан Мусуралиев жана Сергей Пономарев менен жолугушуусу болду.

Ишкер жолугушуунун алкагында бизнес-омбудсмен институтун түзүүнүн, ошондой эле бизнес-омбудсмен алдында коюлган максаттарга жетишүү максатында өз ара кызматташуунун маанилүүлүгү белгиленди.

Ошону менен бирге, бизнес-омбудсмен тарабынан чет өлкөлүк жакты ушундай маанилүү кызматка дайындоого байланыштуу Кыргыз Республикасынын бизнести өнүктүрүү чөйрөсүндөгү саясатынын багытын колдоо жөнүндө жана аларга жаңыдан түзүлгөн Ишкердик субъекттеринин укуктарын коргоо институтун Бизнес-омбудсмен атынан иш алып барган мезгилде түзүү үчүн максималдуу күч-аракеттер жумшалары айтылды.

Мындан тышкары, Бизнес-омбудсмен тарабынан Жогорку Кеңештин депутаттары менен өз ара кызматташуу тууралуу Меморандумга кол коюу чечими менен жолугушуу өткөрүлөөрү белгиленди.

Ошого байланыштуу, жолугушуунун жүрүшүндө Бизнес-омбудсмен КР Экономика министрлиги менен кызматташуу тууралуу Меморандумду түзүү тууралуу келишимдерге кол коюлду.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу