КР ЕАЭБ жөнүндө келишимдин айрым жоболорун колдоно баштагандыгына байланыштуу, 2020-жылдын 1-январынан тартып КР аймагына ташып келинген автотранспорт каражаттарын бажылык тариздөө тартиби жөнүндө

Новости
22-Ноябрь 2019-ж.
5036

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Кыргыз Республикасынын жана Армения Республикасынын мисалында алынып келүүчү автотранспорт каражаттарын бажылык тариздөөдө төлөнө турган импорттук бажы алымдарын колдонуунун тартибин жана шарттарын түшүндүрөт.

2019-жылдын 21-ноябрындагы “Тазабек” МА порталында жайгаштырылган, салыштырма таблицадагы маалымат, анда Кыргыз Республикасы жана Армения Республикасы үчүн алынып келинген автотранспорт каражаттарын бажылык тариздөөдө төлөнө турган импорттук бажы алымдарынын суммалары туура эмес.

Алсак, Армения Республикасы үчүн ЕАЭБдин Бирдиктүү бажы тарифине ылайык импорттук бажы алымдарынын коюмдары колдонулган, ал эми Кыргыз Республикасы үчүн Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2017-жылдын 20-декабрындагы № 107 “Жеке колдонуу үчүн товарлар менен байланышкан айрым маселелер жөнүндө” Чечиминин 2-тиркемесинде каралган коюмдар колдонулган, алар ЕАЭБ ББТ коюумдарына салыштырганда алда канча жогору болуп саналат.

Министрлик таблицада көрсөтүлгөн эсептөөлөр Армения Республикасы үчүн да, Кыргыз Республикасы үчүн да колдонула тургандыгын белгилейт. Ошол эле учурда жеке жактар тарабынан ЕАЭБдин Бирдиктүү бажы тарифинде каралган коюмдар боюнча автотранспорт каражаттарын бажылык декларациялоодо, бажы органына тышкы экономикалык бүтүм жасалгандыгын тастыктаган төмөнкүдөй документтерди берүү зарыл.

- декларанттын ким экендигин күбөлөндүргөн документ (паспорт);

- автотранспорт каражаттарын сатып-алуу (контракт) келишими;

- транспорт каражатынын паспорту;

- ташып келүүгө келишим;

- камсыздандыруу келишими;

- келип чыккан өлкөнү тастыктаган документтер.

ЕЭК № 107 Чечимине ылайык автоунаа каражаттарын бажылык декларациялоодо, жеке жак тарабынан алып келинген бажы органына транспорт каражатынын паспорту жана декларанттын ким экендигин ырастаган документ (паспорт) берилет.

ЕАЭБдин Бажы кодексинин 83-беренесине ылайык бажы жол-жоболоруна жайгаштырылган товарлардын декларанттары катары ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин адамдары чыга алышат.

ЕАЭБдин Бажы кодексинин 2-беренесинин 1-пунктунун 17-пунктчасына ылайык, ЕАЭБге мүчө мамлекеттин жүзү болуп юридикалык жак, ошондой эле мүчө-мамлекетте туруктуу жашаган жеке адам саналат, анын ичинде мүчө-мамлекеттин мыйзамдарына ылайык катталган жеке ишкер эсептелет.

Бирок, жогоруда айтылгандай, Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу жеке адамдар, автотранспорт каражаттары, ошондой эле ЕАЭБдин Бажы кодексинин 108-беренесинин ченемдерин сактаган шартта, ЕАЭБдин Бирдиктүү бажы тарифинде белгиленген коюмдар боюнча алып келинген автотранспорт каражаттарын жол-жоболоштурууга укуктуу.

Ошону менен бирге, азыркы учурда Кыргыз Республикасында импорттук бажы алымдарынын ставкаларынын жогорулашынын кесепеттерин жумшартуу максатында КНСтин ставкасын (кошумча нарк салыгы) төмөндөтүү мүмкүнчүлүгү каралып жатат.

КНС ставкаларын азайтуу боюнча ушундай эле мүмкүнчүлүктү, Армения Республикасы  да карап жатат.

Жеке адамдар алып келген автомобилдерди бажылык тариздөөдө төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрү боюнча салыштырма таблица.

Чыгарылышынан 7 жылдан ашпаган автомобилдер (ЕАЭБ ББТ коюмдары боюнча)



Армения Республикасы

Кыргыз Республикасы

Бажы алымынын коюму

20%

20%

КНС коюму

20%

12%

Экологиялык салык

2%

-

Жыйынтыгы

42%

32%


Чыгарылышынан 7 жылдан ашпаган автомобилдер (ЕЭК № 107 Чечими боюнча)


Армения Республикасы 

Кыргыз Республикасы

Бажы алымынын коюму

1 куб. см. үчүн евро

1 куб. см. үчүн евро 

Экологиялык салык

2%

-


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу