Салыктык талаш-тартыштарды сотко чейинки жана соттук стадияларда кароонун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн түзүү жөнүндө

Новости
20-Ноябрь 2019-ж.
4483

Салыктык талаш-тартыштарды сотко чейинки жана соттук стадияларда кароонун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде “Салыктык талаш-тартыштарды сотко чейинки жана соттук стадияларда кароонун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн түзүү” темасында тегерек стол болуп өттү.

Тегерек столдун уюштуруучулары: Экономика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Эл аралык Бейтарап соту жана КР “Салык консультанттарынын палатасы” кесиптик бирикмеси.

Бул иш-чара Өкмөт Аппаратынын, мамлекеттик органдардын, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү, анда салык талаштарын мамлекеттик гана эмес, бейтарап сотто да кароо мүмкүнчүлүгү талкууланды.

Министр Санжар Муканбетов салык талаш-тартыштарын сотко чейинки жана сот стадияларында кароонун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Тегерек столдо баяндамачы катары Салык консультанттарынын палатасынын төрайымы Татьяна Ким, Соода-өнөр жай палатасына караштуу эл аралык бейтарап соттун төрагасы Шамарал Майчиев, салык консультанты Алексей Красников сөз сүйлөштү.

Тегерек столдун алкагында салык талаштарын чечүүнүн эл аралык практикасын талдоо сунушталды, ошондой эле салык талаштарын кароонун сотко чейинки жана соттук стадияларын өркүндөтүү жолдору сунушталды.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу