Сапат боюнча Кыргыз Республикасынын сыйлыктарын ыйгаруу боюнча кеңештин жыйыны жөнүндө

Новости
19-Ноябрь 2019-ж.
6019

2019-жылдын 18-ноябрында Экономика министрлигинде министр, Кеңештин төрагасынын орун басары – Санжар Муканбетовдун төрагалыгында Сапат боюнча Кыргыз Республикасынын сыйлыгын ыйгаруу боюнча кеңештин жыйыны болуп өттү.

Жыйында төмөнкү маселелер каралды:

- 2019-жылдын сапаты боюнча Кыргыз Республикасынын сыйлыгын караштыруу сынагынын жыйынтыгын чыгаруу;

- 2020-жылга конкурстун номинацияларын аныктоо;

Сапат боюнча Кыргыз Республикасынын сыйлыктарын ыйгаруу боюнча Кеңештин Иш планын бекитүү.

Кеңеш төмөнкү номинацияларда лауреаттар жана конкурстун дипломанттары наамына талапкерлерди аныктоо боюнча эксперттик комиссиянын сунушун жактырды:

- жеңил өнөр жай ишканалары;

айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү ишканалар;

- жаңы инновациялык технологияларды ишке киргизген илим-изилдөө мекемелери.

Ошондой эле кеңеш Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйлоо боюнча Техникалык катчылыктын жана эксперттик комиссиянын сунуштарын, Сапат боюнча КР сыйлыгын караштыруу сынагынын активдүү катышуучуларын колдоду.