Чакан жана орто бизнестин тышкы рынокторго жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү боюнча жаңы долбоорду ишке ашыруу жөнүндө

Новости
18-Ноябрь 2019-ж.
4013

2019-жылдын 10-июлунда кол коюлган Швейцариянын БУУнун Экономикалык (СЕКО), өнөр жайды өнүктүрүү (ЮНИДО) маселелери боюнча Мамлекеттик катчылыгынын финансылык колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцария Федералдык Кеңешинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумдун алкагында “Жемиштер боюнча кошумча наркты түзүү тизмектеринде стандарттарды сактоо боюнча алардын потенциалын бекемдөө жолу менен чакан жана орто бизнестин базарларга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү” жаңы долбоорун ишке ашырууга киришти.

Аталган долбоорду ишке ашыруу 2019-2022-жылдарга эсептелген.

Долбоор ушул жылы Кыргыз Республикасы кошулган катышуучу-өлкөлөрдүн тизмесине карата “Сапат жана стандарттардын Глобалдык программасы” жүзөгө ашырылып жаткан ЮНИДОнун бөлүгү болуп саналат.

Долбоорду ишке ашыруу Ысык-Көл облусунун экспортко багытталган мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн кыйла активдүү илгерилетет.

Ошондой эле долбоор Улуттук инфратүзүмдүн тутумунун туруктуулугун бекемдөө боюнча күч-аракеттер тарабынан өлкөдө кабыл алынган колдоо көрсөтүү максатында бир катар ири иш-чараларды жүзөгө ашырат. Атап айтканда, жергиликтүү агропродукциялардын тышкы рынокторго чыгышына түрткү болуучу кыйла сапаттуу жана жеткиликтүү кызматтарды көрсөтүү.

Сапат инфраструктурасы жаатындагы эң ири көп тараптуу өнөк болуп саналуу менен, 50 жылдан ашык убакыт бою ЮНИДО мүчө өлкөлөргө сапатты камсыздоо жана стандарттарды сактоо эсебинен алардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууда колдоо көрсөтүүнү улантууда.

Долбоордун иши тууралуу кошумча маалымат алуу үчүн долбоордун улуттук техникалык координатору Эдиль Калашевге 0(773)-052440 телефону же e.kalashev@unido.org email боюнча кайрылуу керек.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу