Бишкекте жашыл экономика - Күчтүү аймактар - өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү юбилейлик форуму болуп өттү

Новости
15-Ноябрь 2019-ж.
4383

2019 – жылдын 15-ноябрында Жашыл экономика жумалыгынын алкагында Кыргыз Республикасында “Жашыл экономика – Күчтүү аймактар – өлкөнүн туруктуу өнүгүшү” форумунун 5 жылдык мааракеси өтүп жатат. Экономика министри Санжар Муканбетов министрликтин, жеке өзүнүн атынан жалпы катышуучуларды форумдун юбилейи менен куттуктады.

Министр белгилегендей, жашыл экономика жумалыгын өткөрүү жашыл экономика маселелери боюнча коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатууга; жашыл экономиканы өнүктүрүү программасынын артыкчылыктуу секторлоруна бардык кызыкдар тараптардын көңүлүн жана күч аракеттерин топтоо мүмкүнчүлүктөрүн берүүгө; Кыргыз Республикасынын региондорун өнүктүрүү үчүн атайын кызыкдар тараптардын ортосундагы интервенциялар үчүн нишаны аныктоо жана координациялоого көмөк көрсөтөт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү экономика министрлигинин атынан “Жашыл экономика – 2019: жашыл экономика - Күчтүү аймактар - өлкөнү туруктуу өнүктүрүү” жумалыгын уюштуруу жана өткөрүү демилгесин көтөрдү.

Жашыл экономика жумалыгынын алкагында өлкөбүздүн булуң-бурчуна жашыл экономиканын маселелерин жашыл технологиялардын көргөзмөлөрүн, жашыл экономиканын ар кандай багыттары боюнча адистештирилген семинарларды, тегерек столдорду, окутуу серияларын жана практикалык жолугушууларды өткөрүү аркылуу илгерилетүүгө багытталган 37 иш-чара пландаштырылган. 

Жашыл экономика - 2019 жумалыгында өлкөнүн аймактарын туруктуу өнүктүрүү, өлкөнүн бардык аймактарында жашыл экономиканы өнүктүрүү жана алга жылдыруу жолдорун аныктоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. 

Жашыл экономика ыкмаларын илгерилетүү аркылуу туруктуу өнүктүрүүгө өтүүнүн алкагында өлкөнүн орто мөөнөттүк жана узак мөөнөттүк документтеринин улуттук артыкчылыгы катары каралат. Атап айтканда жашыл экономика боюнча демилгелер 2040-жылга чейин өнүгүүнүн улуттук стратегиясына интеграцияланган. Стратегиянын биринчи этабы болуп “Биримдик. Ишеним. Жаратмандык” Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү Программасы саналат. Бул эки документ тең туруктуу өнүгүү максаттары менен өз ара байланышта. 

Ошондой эле министр маалымдагандай, өлкөнүн парламенти тарабынан жашыл экономиканы өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүлүүдө. Алар тарабынан өлкөдө жашыл экономиканы өнүктүрүүнүн өңүтү жана зарылдыгы аныкталган “Кыргызстан – жашыл экономика өлкөсү” Концепциясы бекитилген. Экономика министрлиги тарабынан көп иштер аткарылган жана Кыргыз Республикасында Жашыл экономика боюнча Программа даярдалган, анын жакын арада жактырылышы күтүлүүдө. 

Экономика министрлигинин демилгеси менен республиканын мамлекеттик кызматчыларынын жана жогорку окуу жайларынын арасында “жашыл” экономика боюнча окууга болгон муктаждыктарды баалоо жүргүзүлгөн. Өткөн жылы ЖМКда “жашыл” экономика маселелерин чагылдыруу үчүн “маалыматтардын жашыл журналистика мектеби” Улуттук эксперттеринин катышуусунда өткөрүлдү. 

Электромобилдер үчүн бажы алымдарынын нөлдүк чени киргизилген. 

Өлкөнүн парламенти тарабынан “Жашыл өсүүнүн Глобалдык институтун түзүү жөнүндө Макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу” Мыйзам долбоору кабыл алынган. Бул үчүн “Утилдештирүү жыйымы” түшүнүгү киргизилүүдө, “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы иштелип чыккан.

Мындан тышкары, Өкмөттүн буйругу менен бекитилген, КРда электр машиналарын пайдаланууга жана заряд инфраструктурасын өнүктүрүүгө өбөлгө түзгөн жол картасы кабыл алынды. Бул буйруктун алкагында фискалдык стимулдар киргизилет, заряд инфраструктурасы үчүн стандарттар белгиленди, мамавтопарктын электрмобилдерге өтүшү боюнча программа иштелип чыкты жана башка бир катар дем берүүчү чаралар белгиленди.

Жыйынтыгында министр эл аралык өнөктөштөргө, улуттук жана техникалык эксперттерге, уюштуруучуларга өлкөдөгү жашыл экономиканы өнүктүрүү принциптерин ишке ашырууга колдоо көрсөткөндүгү жана көмөктөшкөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Аймактарды туруктуу өнүктүрүү үчүн жашыл экономиканы өнүктүрүү боюнча кызыктуу дискуссиялар, жаңы идеялар жана сунуштар форумдун аянтчасында көрсөтүлөөрүнө ишеним билдирди. 

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев, Жогорку Кеңештин депутаты Экмат Байбакпаев, экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Касьен Онезорг мырза, КРдагы Германиянын элчилиги, КРдагы БУУӨПтүн Туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен мырза ж.б. саламдашуу сөзү менен чыгып сүйлөштү.

Ошондой эле Форумдун алкагында:

- жашыл экономиканы өнүктүрүү процессин колдоо боюнча;

- Региондорду өнүктүрүү үчүн жашыл экономиканын пайдаларын жана мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо;

- 2010-жылы Кыргыз Республикасында жашыл экономиканы илгерилетүү боюнча негизги артыкчылыктар жөнүндө сессиялар өттү.

Максаты - мамлекеттик деңгээлде жүргүзүлүп жаткан жашыл демилгелерди презентациялоо, жашыл экономика принциптерине өтүүдөн аймактар үчүн пайдаларды жана мүмкүнчүлүктөрдү талкуулоо жана бул багытта ишке ашыруу үчүн конкреттүү кадамдарды аныктоо, ошондой эле КР Өкмөтүнүн артыкчылыктуу секторлору боюнча келерки жылга негизги иш-аракеттерди аныктоо.

Панелдик дискуссияларга КР Экономика, Айыл чарба, Кайра иштетүү өнөр жай жана мелиорация, Маданият, маалымат жана туризм, Транспорт жана жол чарба министрликтеринин, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин, КР Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин, Климаттык каржылоо борборунун, бизнес коомчулугунун, жарандык сектордун, эксперттер ж.б. өкүлдөрү катышышты.



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу