Кыргыз Республикасында Жашыл экономика үчүн өнөктөштүк аракеттерди ишке ашыруу демилгесин ишке ашыруу боюнча Байкоочу кеңештин 1-жыйыны өттү

Новости
14-Ноябрь 2019-ж.
4215

2019-жылдын 13-ноябрында Экономика министрлигинде министринин орун басары Автандил Алыбаевдин төрагалыгы астында Кыргыз Республикасында “Жашыл” экономиканын” (PAGE-UN) кызыкчылыгы үчүн иш-аракеттер үчүн өнөктөштүк” долбоордук демилгени ишке ашырууну баалоо боюнча Байкоочу кеңештин биринчи жыйыны болуп өттү, анда өткөн 3 жылдын жыйынтыгы чыгарылып, 2020-жылга пландары каралды. Байкоочу кеңештин жыйыны Жашыл экономика жумалыгынын алкагында өтүдө.

А. Алыбаев катышуучуларга ыраазычылык билдирип, “Жашыл” экономиканын” кызыкчылыгындагы аракеттер үчүн өнөктөштүк” долбоордук демилге жашыл технологияларга багытталган иш-аракеттердин жана инвестициялардын көп санын стимулдаштыруу үчүн жагымдуу саясий шарттарды, дем берүүлөрдү, бизнес моделдерди жана өнөктөштүк мамилелерди түзүүгө багытталган, негизги өнөктөш долбоорлордун бири болуп саналат деп белгиледи.

Ошондой эле Экономика министрлиги аталган долбоордун алкагында жашыл өнүгүү демилгелерин алга илгерилетүүдө координациялоочу орган болуп эсептелээрин белгиледи. Финансы министрлиги, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги, Улуттук статистика комитети PAGE демилгеси боюнча да өнөктөштөр болуп саналат.

Биринчи жыйындын ишине PAGE Катчылыгынын башчысы - Асад Накви, ПРООНдун штаб-квартирасынын өкүлү – Тим Скотт, ЮНЕП Европа кеңсесинин өкүлү - Джой Ким жана ЮНИТАР өкүлү - Мая Вальчева катышышты.

Андан соң долбоордун өткөн 3 жылдагы ишмердүүлүгүнүн багыттары боюнча иштеринин жыйынтыгы чыгарылды. Атап айтканда:

- Жашыл экономиканын аспекттерин эске алуу менен стратегиялык пландаштыруу: 2018-жылы Жашыл экономика концепциясы кабыл алынды;

- Туруктуу каржылоо боюнча Жол картасы иштелип чыкты (ал жашыл экономикага 2023-ж. чейин өтүү боюнча программага өзүнчө бөлүм катары киргизилген);

- 2023-жылга чейин жашыл экономикага өтүү боюнча Программа иштелип чыккан (КРӨА бекитилген стадиясында).

- Программага мониторинг жүргүзүү системасын иштеп чыгуу жүрүп жатат;

- Жашыл экономиканы моделдештирүү системасын түзүү боюнча иш жүргүзүлүүдө (GIZ менен биргелешип колдоого алынган) ал “Бизнес, адатта, жана жашыл экономика” / экономиканын жети негизги сектору үчүн саясаттын варианттары сценарийлер үчүн моделдөө иштеп чыгуу аркылуу узак мөөнөттүү пландаштыруу үчүн негиз болот.

- Жашыл жумушчу орундар боюнча моделди иштеп чыгуу башталды – жашыл секторлор - GJAM компоненти бар социалдык эсепке алуу (SAM) матрицасын өндүрүүнүн биринчи этабы. Экономика министрлиги, КР Улуттук статистикалык комитети, ЭЭУ долбоорунун негизги өнөктөштөрү тарабынан кол коюлган өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду.

- Туруктуу/жашыл саясаттарды түзүү жана мамлекеттик сатып алуулар практикасына баа берүү жүргүзүлүп жатат;

- Өнөр жайды туруктуу өнүктүрүү стратегиясы иштелип чыкты;

- Жашыл экономика маселелери боюнча окууга болгон муктаждыктарды баалоо жүргүзүлгөн.

Андан кийин 2020-жылга карата долбоордун пландары көрсөтүлгөн. Атап айтканда:

- Жашыл экономиканы моделдөө боюнча иштерди улантуу;

- Жашыл экономика боюнча КР программасын ишке ашырууга эксперттик колдоо (жашыл шаарлар жана туруктуу каржылоо);

- Калдыктарды башкаруу боюнча эксперттик колдоо (прототип);

- Потенциалды өстүрүү жана ЗЭ моделдөө боюнча билимдерди берүү;

- Маалымдуулугун жогорулатуу (ЗЭ форуму ж. б.);

Тажрыйба алмашуу (Түштүк-Түштүк кызматташтыгы).

Маалымат үчүн:

"Жашыл" экономиканын кызыкчылыгында аракет үчүн өнөктөштүк (PAGE) - 2030-жылга чейин күн тартибин илгерилетүү үчүн экономикалык саясаттын жана практиканын негизги туруктуулугуна багытталган. PAGE - БУУнун Рио-де-Жанейро боюнча конференциясынын жыйынтыктарына жооп катары демилге (Рио+20, 2012).

ТӨМдү ишке ашыруу боюнча БУУнун 5 агенттигинин биргелешкен демилгеси

Азыркы учурда, он сегиз өлкө расмий өнөктөрүнүн тизмесине киргизилген жана PAGE тарабынан түздөн-түз колдоо алып жатат, (Буркина-Фасо, Кытай (Цзянсу провинциясы), Гана, Маврикий, Казакстан, Монголия, Бразилия, ЮАР, Перу, Гана, Сенегал ж. б.), 32 өлкөлөр катышуу кызыгуусун билдиришти. Дүйнөнүн 48 өлкөсү жашыл экономика боюнча стратегияларды жана программаларды иштеп чыгышат.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу