Бүгүн Өкмөттүн отурумунун жүрүшүндө министр Т. Сариев сүйлөп жатып коррупцияга каршы саясаттын мамлекеттик стратегиясынын алкагында, 2012-жылдын экинчи жарымында, Өкмөт тарабынан 2012-2014-жылдарга коррупцияга каршы туруу боюнча иш-чаралар планы бекитилгенин маалымдады.
Ошону менен бирге «2013-2017-жылдардагы мезгилге Кыргыз Республикасында туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын» жана Президенттин буйругу менен бекитилген бийлик органдарында саясий жана системалуу коррупциянын себептерин жоюу боюнча жаңыртылган чаралар кабыл алынды.
Планды ишке ашыруу процессинде, иш-чараларды аткарууга мониторинг жүргүзүү, көзөмөлдөө жана байкоо механизмдери иштелип чыкты жана бекитилди, аларды ишке ашыруудагы потенциалдуу коркунучтар аныкталды.
Мунун бардыгы, коррупцияга каршы туруу боюнча чараларды жөнгө салууда жалпы мамилени бирдейлештирүүнүн туруктуу тенденциясын бара-бара жөнгө салууга мүмкүндүк берди. Бирок, мамлекеттик органдардын коррупция менен күрөшүүдөгү реалдуу чаралары коомго сезилбей келет. Көрүлгөн күч-аракеттер, мамилелер жана билимдер азырынча жетишсиз.
Ошол эле учурда, бул эки жыл ичинде коррупцияга каршы туруунун укуктук, уюштуруучулук жана маалыматтык механизмдерин түзүү боюнча белгилүү жыйынтыктарга жетише алдык.
Эл аралык нормаларды коррупцияга каршы туруу чөйрөсүндөгү улуттук мыйзамдарга мындан ары киргизүү боюнча ар түрдүү мыйзамдык актыларга олуттуу өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген. Алар кырктан ашуун.
Кылмыш кодексинин, Жосундар тууралуу кодекстин, Жазык-процессуалдык кодексинин, Жазык-аткаруу кодексинин, Кыргыз Республикасынын Жарандык процессуалдык кодексинин долбоорлору жаңы редакцияда даярдалган жана талкуудан өтүүдө.
Мамлекеттин бизнеске кийлигишүүсүн азайтуу жолдорунун бири катары лицензиялоо системасын жөнөкөйлөтүү максатында - лицензиялардын жана уруксаттардын саны 236 түрдөн 101 түргө чейин кыскарды. Мамлекеттик органдарга каттарды 30 күндөн ашык эмес кароо мөөнөтү киргизилген.
Коррупцияга каршы БУУ Конвенциясынын жоболорун мындан ары имплементациялоо боюнча төмөнкү ченемдик-укуктук актылар кабыл алынган:
● Жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын коопсуздугун камсыз кылуунун мамлекеттик программасы”;
● Коррупцияга каршы мониторинг жүргүзүү жана баалоо методологиясы”;
● Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарындагы кызыктар кагылышын чечүү боюнча колдонмо”;
● мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү стандарттары бекитилди жана алардын тизмеси аныкталды;
● кызматкерди коррупциялык укук бузууларга түрткөн учурлар жөнүндө жумуш берүүчүнү билдирүү тартиби жөнгө салынды;
● керектөөчүлөрдү көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар боюнча маалымдоо нормасы белгиленди.
Төмөнкү ченемдик –укуктук актылардын долбоорлору иштелип чыкты:
• бюджеттик процесстин ачык-айкындыгын камсыз кылуу боюнча;
• мамлекеттик органдар тарабынан коррупцияга каршы саясатты ишке ашырууга комплекстүү баалоо жүргүзүү боюнча көрсөтмө;
• «Кызыкчылыктар кагылышы жөнүндө» мыйзам долбоору
Коррупцияга каршы туруу чөйрөсүндө мыйзамдарды кабыл алуу заманбап ыкмаларга шайкеш келет, ошол эле учурда мыйзамдарга жүргүзүлгөн талдоо коррупцияга каршы туруу маселелерин жөнгө салууга байланыштуу төмөнкү негизги көйгөйлөрдү белгилөөгө мүмкүндүк берет:
-айрым мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын көбөйтүүгө көмөк көрсөтүүчү административдик процедуралардын начар иштелип чыгышы;
-аларда коррупцияга каршы туруу боюнча чаралар белгиленген ченемдик укуктук актылардын ар түрдүү түрлөрүнүн нормаларынын макулдашылбаганы;
-коррупцияга каршы туруу түшүнүктөрүн, чараларын жана багыттарын аныктоодогу так эместик.
Коррупцияга каршы экспертиза. Юстиция министрлигине караштуу ведомстволор аралык комиссия тарабынан 2012-жылы 110, 2013-жылы 32 жана 2014-жылы 50 ашуун ченемдик-укуктук актыга коррупцияга каршы инвентаризация жүргүзүлгөн. Коррупцияга алып келчү факторлор көбүнчө өзүнө кошумча милдеттерди ыйгарып алуу болуп саналат.
Коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүү сапатын жакшыртуу жана өткөрүү жөндөмдүүлүгүн көбөйтүү максатында КР Өкмөтү жана ЕККҮ (ОБСЕ) Борбору ортосунда Меморандумга кол коюлду. Бул өтө масштабдуу долбоор.
Коррупция менен күрөш. Коррупциялык кылмыштардын ичинде кызматтык ыйгарым укуктардан ашкере пайдалануу жана паракорчулук жолу менен уурдоолор көп кездешет. Эң аялуу чөйрөлөр деп мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсү, жерлерди бөлүштүрүү жана трансформациялоо, билим берүү, мамлекеттик башкаруу, курулуш, соода, айыл чарбасы, саламаттыкты сактоо жана транспорт эсептелет.
Ошентип, 2012-жылы укук коргоо органдары тарабынан коррупциялык багыттагы 1180 кылмыш иши козголгон. Алдын ала баалоо боюнча, бул кылмыштар менен келтирилген зыяндын өлчөмү 1,5 млрд.сомдон ашыкты түзөт, алардын 154 млн. сомунун орду толтурулган.
2013-жылдын жыйынтыктары боюнча коррупциялык багыттагы 1282 кылмыш иши козголгон, келтирилген зыяндын өлчөмү 876,5 млн. сомду түзөт, алардын ичинен 182 млн. сомдун орду толтурулган.
2014-жылдын жыйынтыктары боюнча коррупциялык багыттагы 1250 кылмыш иши козголгон, алардын 1018 иши прокуратура органдары тарабынан, улуттук коопсуздук органдары тарабынан – 144 иш, Экономикалык кылмыш менен күрөш боюнча мамлекеттик кызмат органдары тарабынан – 66 иш жана ички иштер органдары тарабынан -22 иш козголгон.
Алдын ала баалоо боюнча, бул кылмыштар менен келтирилген зыяндын өлчөмү 886,4 млн.сомду түзөт, алардын 148,1 млн.сомунун орду толтурулган.
Ошондой эле белгилей кетчү нерсе, 2014-жылдагы Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат баңгизат кылмыштарынын 5 фактысын аныктаган, алардын жыйынтыгында баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүүсүнө тийиштүү укук коргоо органдарынын, күч жана мамлекеттик структуралардын беш кызматкери кармалган.
Коррупциялык схемаларды табуу. Коррупциялык схемаларды табуу жана жоюу Коргоо кеңешинин катчылыгынын активдүү көмөк көрсөтүүсүндө жүргүзүлдү. 11 мамлекеттик органда - ИИМдин Жол-кайгуул кызматында, Энергетика, Коргоо, Билим берүү, Финансы, Саламаттыкты сактоо, Айыл чарба министрликтеринде, Геология агенттигинде, Мамлекеттик каттоо кызматында, «Кыргызалтын» ААКында, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунда, Мамфинкөзөмөлдө, Дин иштери боюнча мамкомиссияда, «Кыргыз агроазык-түлүк корпорациясында» коррупциялык схемаларды демонтаждоо боюнча иш-чаралардын кадамдык пландары бекитилген.
Ошол эле учурда мамлекеттик органдарда кадамдык иш-чаралар начар аткарылганы байкалат. Жооптуу жетекчилер тийиштүү сапатты жана аларды аткаруу мөөнөттөрүн сактоону камсыз кыла алышкан жок.
«Мамлекеттик жана муниципалдык кызматта коррупциялык коркунучтарды баалоо жана башкаруу ыкмаларын ишке киргизүү боюнча методикалык көрсөтмөлөр» иштелип чыккан жана бекитилген. Анын негизинде коррупциялык коркунучтарды баалоо ыкмаларын талдоо жүргүзүлгөн.
Бул багытта мамлекеттик органдардын кызматкерлери окутулду (200 ашуун кызматкерлер – статс-катчылар, комплайенс –комиссарлар). Ошол эле учурда, коррупциялык тобокелдиктер тизмеси түзүлүп жатат.
Кызыкчылыктар кагылышы. Чет өлкөлөрдүн мыкты тажрыйбасына ылайык кызматтагы кызыкчылыктар кагылышын чечүү тартиби жөнгө салынган. Жеке кызыгуу декларацияларын тапшыруу менен кызыкчылыктар кагылышы жөнүндө маалымдоонун атайын жол-жоболору киргизилген.
Мыйзамга толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилди, аларга ылайык ишенимди жоготууга байланыштуу жумуштан бошотуу негизи төмөнкүлөр болушу мүмкүн:
- кызыкчылыктар кагылышы тууралуу билдирилген мамлекеттик кызматкердин чара көрбөгөндүгү;
- мамлекеттик кызматкерлерге коюлуучу чектөөлөрдү сактабагандык.
Мамлекеттик сатып алуулар. 2014-жылдын башында Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар боюнча департамент түзүлгөн.
Zakupki.gov.kg электрондук мамлекеттик сатып алуулар жаңы порталы түзүлдү, ал жерде жеткирүүчү уюмдарды жана сатып алуучу уюмдарды каттоо жүргүзүлөт. 5 сатып алуучу уюмдардын катышуусу менен сынамык режимде мамлекеттик сатып алуунун электрондук системасы иштеп баштады.
Аныкталган эреже бузуулар сатып алуучу баалардын жогорку чектерин белгилөөнү жана товарлардын жеткирүүчүлөрүн аныктоону талап кылат. Мисалы, бардык мамлекеттик органдар үчүн керектүү канцелярдык товарлар, КММ, жумуштар жана кызматтар.
Ошол эле учурда мамлекеттик сатып алууларга мониторинг жана талдоо жүргүзүүнү жакшыртуу керек, ошондой эле мындай процесстер көбүрөк мазмундуу жана азырак формалдуу болууга тийиш.
Декларациялык кампания. Саясий жана башка атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдардын кирешеси жана мүлкү жөнүндө маалыматтар Мамлекеттик кадр кызматынын сайтында жайгаштырылат жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат.
Маалыматтардын толуктугу жана аныктыгы укук коргоо жана көзөмөлдөөчү органдарынын өкүлдөрүнүн курамындагы ведомстволор аралык комиссия тарабынан каралат. Бул иш-чара депутаттык корпустун өкүлдөрүнө, мамлекеттик органдардын жетекчилерине жана статс-катчыларына, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломаттарына жана сот корпусунун өкүлдөрүнө карата жүргүзүлөт (640 адам).
Изилдөөлөр. 2014-жылдын биринчи жарымында коррупциянын себептерине, деңгээлине жана масштабдарына кеңири изилдөө жүргүзүлдү. Анда республиканын бардык аймактары боюнча жана ар кайсы кесиптеги 4 миң респондентке сурамжылоо жүргүзүлгөн (изилдөө жыйындын катышуучуларына таратылып берилген).
Ошондой эле Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башкаруу системасында коррупциянын себептерин жергиликтүү изилдөө аяктады. Изилдөөнүн максаты бул тармактагы коррупцияны аныктоо жана алдын алуу, талдоо жана сунуштамаларды иштеп чыгуу болуп саналат.
Өкмөттүн 2012-жылдын 17-февралындагы №105 токтому менен бекитилген Калктын ишеним индексине” кошумча маселелер киргизилди, ал маселелер коррупциянын деңгээлин изилдөөгө жана аныктоого багытталган. Бул жагдай социалдык изилдөөлөрдүн негизинде коомдогу жана конкреттүү түрдө мамлекеттик органдар боюнча коррупциянын абалы жөнүндө маалымат алууга мүмкүнчүлүк берет (Дүйнөлүк коррупция барометринде камтылган суроолордун негизинде иштелип чыккан).
Коррупцияга каршы билим берүү. Экономика министрлиги тарабынан 2013-жылдын жыйынтыктары боюнча мамлекеттик органдардын, бизнес-түзүмдөрдүн, жарандык коомдун институттарынын ыйгарым укуктуу адамдары үчүн коррупцияга каршы тематикада 43, жана 2014-жылы 30 ашык окутуу семинарлары жана тегерек столдору өткөрүлдү. Бардыгы- 1,5 миң адам окутулду. Мамлекеттик органдарда жана алардын аймактык бөлүктөрүндө лекциялар үзгүлтүксүз негизде өткөрүлүүдө.
2013 жана 2014-жылдары коррупцияга каршы туруу чөйрөсүндө жергиликтүү жана эл аралык эксперттерди тартуу менен «Жайкы коррупцияга каршы мектеп» программасы боюнча көчмө окутуучу семинарлар өткөрүлдү.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча окутуу курстары киргизилген.
Маалыматтык саясат. Коомдо коррупцияга каршы чыдамсыздык менен мамиле жасоо жагдайын түзүү боюнча кеңири масштабдуу- түшүндүрүү кампаниясы жүргүзүлдү.
Массалык маалымат каражаттары аркылуу коррупциянын терс таасири жөнүндө миңден ашуун ар түрдүү билдирүү өттү. «Фейсбук» социалдык тармагында коррупцияга каршы түзүлгөн интерактивдүү аянтча болжол менен 50 миң жарандын ушул темага көңүлүн бурду, бүгүнкү күндө 1200 адам баракчанын жазылуучулары болуп саналат. 8 тематикалык видео-ролик түзүлдү жана телетрансляцияга жөнөтүлдү.
Коммуникациялык иштин ар түрдүү ыкмалары:
- «Кадиллакка» каршы аңчылык,
- «Коррупция жана мен» жалпыга маалымдоо каражаттарынын улуттук конкурсу,
- коррупцияга каршы плакаттардын конкурсу,
- Интернет аркылуу коррупцияга каршы пропаганданы илгерилетүү боюнча тренингдер колдонулган.
Мисалы, плакаттар сынагында 130 кесипкөй сүрөтчүдөн, сүрөт сүйүүчүлөрдөн, республиканын бардык аймактарындагы балдардан 282 ашуун иш катышты. Г.Айтиев атындагы Искусство улуттук музейинде плакаттардын көргөзмөсү уюштурулду, ачуу аземи 2014-жылдын 30-майында болуп өттү.
Ар бир облустук борбордо УКМК ККК коомдук кабылдамалары ачылган, аларга эки жыл ичинде эле беш миңден ашуун жаран кайрылды.
Кадрдык саясат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык кызматтан терс мотивдер боюнча органдардан бошотулган адамдардын тизмесин түзүү, жүргүзүү, өзгөртүү жана толуктоо тартиби бекитилген. Азыркы учурда мындай тизмеде 127 адам бар.
Класстык чиндерди ыйгаруу системалуу жүргүзүлгөн жана жол-жоболору бирдейлештирилген. Мамлекеттик органдарда акыйкат башкаруу боюнча коррупцияга каршы жүрүм-турум эрежелерин жана принциптерин ишке киргизүү жергиликтүү ведомстволук документтерди кабыл алуу менен жүргүзүлөт.
Ишкердик чөйрөсүндө. Бизнес-ассоциациялар тарабынан «Кыргызстандын бизнеси коррупцияга каршы» хартиясына кол коюу процесси улантылууда, ал коррупцияга каршы аракеттенүүгө багытталган жана Кыргызстандын бизнес-коомчулугунун коррупциялык көрүнүштөргө жалпы элдик күрөшкө салымы болот. Бүгүнкү күндө 20 ашык Бизнес-ассоциациялар хартиясына кол коюу менен ишкерлер коррупцияга каршы турууга көмөк көрсөткөн принциптерди жана эрежелерди илгерилетүү ниетин билдиришүүдө.
«Бизнес-акыйкатчы» институтун ишке киргизүү боюнча ченемдик актынын долбоору Өкмөттүн кароосунда.
Жыл сайын 2 жолу ак ниет салык төлөөчүлөрдү экономиканын өнүгүшүнө кошкон олуттуу салымы, бюджеттин киреше бөлүгүн түзүүгө активдүү катышуусу жана салык мыйзамдарын ак ниет аткарганы үчүн «Мыкты салык төлөөчү» сертификаттары жана белгилери менен сыйлоо жүргүзүлөт.
Чакан жана орто ишкердик субъектилери үчүн квартал сайын тапшырууга которуу менен төлөө процедуралары жана отчетту тапшыруу мөөнөттөрү бир топ кыскарды. Салыкты башкарууда татаалдыктар болгон ишкердиктин айрым түрлөрү боюнча салык салуунун атайын режимин – контракт системасын колдонууга укук берилди. Мисалы, турак-жай курулушу эсептик баанын негизинде 1 кв. метр үчүн мурун белгиленген сумма түрүндөгү салыкка которулду.
Мониторинг жыйынтыктары. Жалпысынан Өкмөт тарабынан 2012-2014-жылдарга каралган коррупцияга каршы 98 иш-чарадан 72 (73,5%) иш—чара аткарылды, жарым-жартылай 24 (24,5%) иш-чара аткарылды жана 2 (2%) иш-чара аткарылган жок (алардын натыйжасында экономикага жана улуттук кызыкчылыктарга зыян келтирилген укукка каршы чараларды кабыл алуу үчүн иммунитетке жана жоопкерчиликке ээ болгон кызмат адамдарына карата жасалган коррупциялык кылмыштар үчүн жазалардын сөзсүз боло турганы).
Министр Т.Сариев «эки жыл ичинде биз коррупциянын алдын алуунун укуктук жана институтционалдык негиздерин түзүү процесстерин жаңыча сезе билдик жана иштете алдык. Коррупциялык ишке тийиштүү адамдардын жана уюмдардын мыйзамсыз иш-аракеттери аныкталды жана аларга бөгөт коюлду. Коррупциялык багыттагы козголгон кылмыш иштеринин саны өсүүдө жана сапаты жакшырууда. Өз сөзүмдү аяктап жатып, коррупцияга каршы чараларды ишке ашыруу үчүн ар бир мамлекеттик органдын жоопкерчилигин мындан ары да күчөтүп, жетишилген жыйынтыктарды бекемдөө керектигин белгилеп кетким келет» деп жыйнтыктады.