Салыктык талаш-тартыштарды сотко чейинки жана соттук стадияларда кароонун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн түзүү жөнүндө тегерек столдун үстүндө талкуулашат

Новости
13-Ноябрь 2019-ж.
4045

2019-жылдын 15-ноябрында саат 10:00до Экономика министрлигинин чоң залында “Салыктык талаш-тартыштарды сотко чейинки жана соттук стадияларда кароонун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн түзүү” темасында тегерек стол өтөт.

Тегерек столдун уюштуруучулары: Экономика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасына караштуу Эл аралык Бейтарап соту жана салык консультанттарынын палатасы.

Бул иш чара Өкмөт Аппаратынын, депутаттык корпустун, мамлекеттик органдардын, сот системасынын, өлкөнүн бизнес-коомчулугунун өкүлдөрүнүн катышуусунда өтөт, анда салык талаштары боюнча маселелер мамлекеттик гана эмес, бейтарап сотто да талкууланышат.

Тегерек столунда баяндамачы катары Салык консультанттарынын палатасынын төрайымы Татьяна Ким, Соода-өнөр жай палатасына караштуу эл аралык бейтарап соттун төрагасы Шамарал Майчиев, сертификацияланган салык консультанты Алексей Красников чыгып сүйлөшөт.

Иш-чаранын жыйынтыгында суроолордун жана жооптордун раунду өткөрүлөт, анда угуучулар кызыктырган суроолорго бир катар практикалык сунуштамаларды жана сунуштарды ала алышат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу