Жыл сайын Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн жана ведомстволук органдарынын кызматкерлери мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин Спартакиадасына активдүү катышат.
Министрликтин статс-катчысы, уюштуруу комитетинин төрагасы Айдин Шаршеев тарабынан мелдештин бекитилген графигине ылайык, төмөнкү спорттун түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлдү: армрестлинг, тогуз-коргоол, шахмат, дартс, стол тенниси, кичи-футбол, бильярд, бокс, ок атуу ж.б.
Спартакиаданын жыйынтыгында КР ЭМ статс-катчысы А. Шаршеев жана уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары, профкомдун төрайымы Асель Курманова Экономика министрлигинин төмөнкү орундарды ээлеген мыкты спортчуларына медалдарды, Ардак Грамоталарды жана акчалай сыйлыктарды тапшырышты:
| № | Аты - жөнү | Спорттун түрү | Орун | 
| 1 | Болжирова Жылдыз | Армрестлинг (70 кг) | 1-орун | 
| 2 | Шатманалиев Кубат | Гиря (70 кг) | 1-орун | 
| 3 | Качкынбай кызы Жылдыз | Тогуз-коргоол | 3-орун | 
| 4 | Кынатова Чинара Нурдиновна | Тогуз-коргоол | 3-орун | 
| 5 | Мураталиев Азамат | Армрестлинг (80 кг) | 3-орун | 
Жыл сайын өткөрүлүүчү Спартакиада дене тарбиясын, спортту жана сергек жашоо мүнөзүн кеңири жайылтуу, мамлекеттик органдардын кызматкерлерин дене тарбия жана спортту үзгүлтүксүз машыгууга тартуу, Спартакиаданын катышуучуларынын мыкты командаларын аныктоо; дене тарбия-массалык жана спорттук иштердин түрлөрүн өркүндөтүү максатында өткөрүлүүдө.
