Абдыкадыр Орозбеков — Кыргыз АССРинин биринчи башчысы

Новости
01-Ноябрь 2019-ж.
26905

2019-жылдын 31-октябрында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Аймактар аралык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана саясий ишмери Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгына арналган иш-чара өткөрүлдү.

Статс-катчы Айдин Шаршеев жана Аймактар аралык башкармалыгынын начальниги Зайнидин Жумалиев катышуучуларды А. Орозбековдун ишмердүүлүгү жана өмүр баяны менен тааныштырышты. Тактап айтканда, Кыргызстанда Советтик бийликтин калыптанышында жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүлөрүнүн бири болгон мамлекеттик ишмердин маанилүү ролу белгиленди.

1918-1920-жылдары А.Орозбеков Кызыл Армияда кызмат өтөгөн. 1918-жылдын башында Коммунисттик партиянын катарына кирген. Түркестандын жумушчу кыймылына катышкан. Кыргызстанда Советтик бийликти орнотуу жана чыңдоого жигердүү катышкан. Жарандык согуш жылдарында катардагы жоокерден отряддын командири жана комиссарына чейинки жолду басып өткөн.

1924-1925-жылдары А.Орозбеков Ош областынын эмгек Кеңешинин Агрардык бөлүмүнүн башчысы, андан кийин жооптуу катчы болуп иштеген. Кара-Кыргыз автономдуу облусунун жумушчу, дыйкан жана солдат депутаттарынын уюштуруу съездинин делегаты, анда облустук Аткаруу комитетинин төрагасы болуп шайланган. Бүткүл кыргыз Кеңешинин I съездинде Кыргыз АССР Борбордук аткаруу комитетинин төрагасы болуп шайланган. Анын эмгектеринин аркасынан Кыргызстан автономдуу республика статусун алган, ал эми кийин союз Республикасы болуп кайра түзүлгөн. 

1930-31-ж.ж. А.Орозбеков Жаңы кыргыз алфавитин иштеп чыгуу боюнча борбордук комиссияны жана кароосуз калган балдарга жардам көрсөтүү боюнча Ленин атындагы фондун жеке өзү жетектеген. Ушул жылдары республикада Кыргыз Орус драма театры, жогорку окуу жайлар, Кыргыз мамлекеттик филармония ачылган.

Совет бийлигин орнотуу үчүн Фергана өрөөнүнүн аймагында А.Орозбеков 1924-жылы Түркестан Республикасынын “Алтын белгиси” менен сыйланган.

Абдыкадыр Орозбеков 1932-жылдын 3-майында республиканы өнүктүрүүдөгү жетишкендиктери үчүн Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.

Республиканын биринчи жетекчисинин оор убактысы жана иштери жөнүндө эстелик түбөлүккө сакталып кала берет. Жылдар өтүп, кыргыз жеринин мындай уулдары уламышка айланууда. Алардын  жасаган эмгектери кылымдар бою калат.

А. Орозбеков көп жылдар бою республиканы жетектеп турганда Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына жана чыңдалышына, жаш республиканын элдеринин жашоосунун социалдык - экономикалык жана маданий чөйрөсүн өнүктүрүү, бирдиктүү аймактык-администрациялык бирдикке кыргыздардын ар башка этномаданий аймактарын түзүүгө өзгөчө көңүл бурган.

А.Орозбеков – Кыргыз Республикасынын биринчи башчысы, ал 1937-жылга чейин иштеген.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу