БУУ ЕЭК стандарттары боюнча КР Улуттук техникалык тобунун жыйыны жөнүндө

Новости
01-Ноябрь 2019-ж.
4001

2019-жылдын 30-октябрында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбордун имаратында БУУ ЕЭК стандарттары боюнча улуттук техникалык топтун (УТТ) жыйыны болуп өттү.

БА өлкөлөрүнүн УТТ бизнес-структураларга багыт берүүнү эске алуу менен Бишкек шаарында айыл чарба продукциясынын сапатынын стандарттарын алга жылдыруу боюнча Борбордук Азиялык аймактык топтун 3-жыйынында түзүлгөн.

УТТ курамына төмөнкүлөр кирет: мамлекеттик институттардын өкүлдөрү: стандартташтыруу боюнча органдардын, экономика, айыл чарба министрликтеринин, Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча Агенттиктин, СӨП жана башка ведомстволор - аймактын өлкөлөрү, тармактык ассоциациялар, өзүнчө өндүрүүчүлөр жана кайра иштетүүчүлөр, эксперттер. БУУ ЕЭК стандарттары боюнча УТТ ишин координациялоо КР ЭМ караштуу СМБ жүргүзөт.

УТТ түзүүнүн негизги милдети болуп, айыл чарба продукцияларын улуттук, аймактык жеткирип берүүчүлөрдүн кызыкчылыгында БУУнун Европалык экономикалык комиссиясынын (БУУ ЕЭК) сапатынын жаңы стандарттарын иштеп чыгуу / өзгөртүүлөрдү киргизүү, түшүндүрмө жана маалыматтык материалдарды (түшүндүрмө плакаттарды жана китепчелерди) иштеп чыгуу боюнча, ошондой эле ата мекендик продукциянын экспорттук потенциалын жогорулатуу максатында прогрессивдүү эл аралык стандарттар жөнүндө өндүрүүчүлөр, сорттоочулар, кайра иштетүүчүлөр жана экспортерлор үчүн маалымат сессияларын өткөрүү саналат.

Жолугушууда УТТ 2018-2019-жылдарга карата ишине тиешелүү маселелер, ошондой эле жумушчу топтун андан аркы иши жөнүндө маселелер талкууланды.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу