Министр Т.Сариев КР Өкмөтүнүн 2015-жылга иш чаралардын планын сунуштады.

Новости
20-Февраль 2015-ж.
2696
""Бул токтомдун долбоору Президенттин жарлыгы менен бекитилген "2015-жылды Улуттук экономиканы чыңдоо жылы деп жарыялоо” боюнча буйругун, ошондой эле Жогорку Кеңештин токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча беш жылдык Өкмөтүнүн программасын ишке ашыруу максатында даярдалды.

Министр Т. Сариев Өкмөттүн отурумунда сүйлөп жатып быйылкы 2015-жыл экономика үчүн жөнөкөй эмес жылдардын бири болоору баарыбызга маалым. Дүйнөдөгү геополитикалык жана геоэкономикалык кыйын абалдан улам, биздин негизги экономикалык өнөктөш өлкөлөрүндө болуп жаткан өнүгүүнүн басаңдашы терс таасирин тийгизүүдө деп белгилеп өттү.

Анын сөзү боюнча тышкы факторлор менен жанаша 2015-жылда маанилүү чоң ички маселелерди да чечүү керек. Алардын бири Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдигине кирүүдөн пайда болгон артыкчылыктарын тез арада колдонууга даяр болуу.

Ошондуктан биз азыркы күндөн тартып экономиканы чыңдоого багытталган иш-чараларды тез арада ишке ашырууну баштообуз зарыл.

Пландын мазмунунда жогоруда айтылгандай Пландын долбоорунда экономиканы бекемдөөгө багытталган оперативдүү чечүүнү талап кылган иш чаралар камтылып, 2017-жылга чейинки туруктуу өнүгүүнүн Улуттук стратегиясында белгиленген улуттук долбоорлор толугу менен киргизилди.

Жалпысынан пландын долбоорунда 490 иш-аракеттер анын ичинде экономикалык өнүгүү шарттарын түзүү, бизнес-чөйрөнү жакшыртуу жана жагымдуу инвестициялык климатты түзүү, приоритеттик тармактарды өнүктүрүү, коопсуздук жана социалдык жактан кам көрүү, региондорду өнүктүрүү жана башка багыттар каралган.

Өкмөт тарабынан улуттук экономиканын өнүгүүсүнө карата инвестицияларды тартуу боюнча төмөнкү иш-чаралар аткарылат:

Кыргыз-Россия инвестициялык фонду толук кандуу ишин баштап, алгачкы долбоорлорду каржылай баштайт.

Кыргыз-Кытай инвестициялык фонду түзүлөт;

Кыргызстан Азия инфрструктуралык инвестициялар банкынын мүчөсү болуп, инвестициялай турган каржылоо булактарын кеңейтет;

2015-жылдын ичиндеги инвестицияларды тартуу боюнча чаралардын ишке ашырылышы тике инвестициялардын келишин 20% көбөйтөт.

Инвестициялардын келиши жөн гана капитал алып келбестен, жаңы технологиялардын, билимдин, ноу-хауну келишине себепкер болот. Ошондуктан бизнес чөйрөнү жана инвестициялык климатты жакшыртууга багытталган чараларды ишке ашырып, ишкерлерге ыңгайлуу жана жөнөкөй иш шарттарын түзүп берүүгө зарыл.

Жаңы ишкерлерди текшерүүдөн 3 жылга бошотуу, контролдук текшерүүнү 1-күнгө чейин кыскартуу каралууда;

уюлдук байланыш кызматынан башка экспорттук жеткирүүдөн жана КР территориясынан тышкары жеткирүүдөн сатык салыгын алып салуу боюнча мыйзам долбоору киргизилет;

электрондук салык отчетторун берүү чөйрөсү кеңейтүү максатында салык төлөөчүлөр үчүн салык отчетторун электрондук түрдө берүү сервиси жөнөкөйлөтүлөт;

ишкердүүлүкө административдик жана жөнгө салууда мамлекеттик басымын азайтуу максатында Электрондук гильотина” принциби боюнча Жөнгө салууну тутумдук талдоо” аттуу долбоору ишке киргизилет.

«Doing Business» дүйнөлүк рейтингинде 2015-жылы мамлекеттин көрсөткүчүн 10 тепкичке жакшыртуу боюнча иш-чаралар планы иштелип чыгат.

Бул жана башка аракеттердин максаты Кыргызстанда Евразия мейкиндигинде эң жеңил ишкердик чөйрөнү түзүүгө багытталышы керек.

Евразиялык экономикалык биримдик алкагында Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын активдүү жылдыруу үчүн ЕАЭБ «Жол картасы» ишке ашырылат:

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн талаптарына жооп берген чек аралык жана бажы өткөзмөлөрү иретке келтирилип, Кыргызстан Биримдик мейкиндигиндеги бардык бажы алымдардан өз үлүшүн алууга шарт түзүлөт.

Кыргызстан лабораториялары аккредитациядан өтүп эл аралык реестрге киргизилет, бизден өндүрүлгөн товарларга Биримдиктин рыногу менен чектелбеген мүмкүнчүлүктөр ачылат.

Экономикасынын стратегиялык тармактарында жаңы өндүрүштү жана жумуш орундарын түзүүдө:Энергетика тармагында: Камбар Ата ГЭС – 1, жана Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу боюнча ири долбоорлор башталууда.

Газпром компаниясынын жалпы республикалык газификация жана реконструкциялоо долбоору ишке ашырылат.

Орто-Токой жана Төртгүл кичи ГЭСтерин куруу боюнча инвестициялык сынак өткөрүлөт.

Электр энергиясынын, жылуулук энергиясынын жана жаратылыш газынын тарифтерин орнотуу боюнча ачык айкын эсептөө үчүн нускама жана колдонмо иштелип чыгат.

Стратегиялык документтерден 2017-жылга чейин Кыргыз Республикасында Чакан гидроэнергетиканы өнүктүрүүнүн жаңы концепциясы жана энергия үнөмдөө жана энергоресурстарды натыйжалуу колдонуу программасы иштелип чыгат.

Өнөр жайды өнүктүрүү тармагында:

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында кубаттуулугу жылына 50 миң тонна болгон ферроэритме завод ишин баштайт;

Кубаттуулугу жылына 1,2 млн. тонна болгон Араван районундагы цемент заводу реконструкцияланып толугу менен иштей баштай;

Көмүр казып алууда: түндүк региондо - 860,0 миң. тоннага чейин, түштүк региондо - 680,1 миң. тоннага чейин жогорулатуу каралууда.

Айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн 860 айыл чарба техникасы сатылып алынып, лизинг менен берүү пландаштырылган. 2015-жылдын аягына чейин 2537 гектар жаңы сугат жерлери киргизилет жана 900 гектар жердин суу менен камсыздалышы жогорулайт. Бул иш-чара Баткен облусунун Кадамжай районундагы Бурганды массивинин ирригациялык курулмасын, Ак –Талаа районундагы Ак – Сай суусундагы башкы суу топтомо курулмасын, жана Кадамжай районундагы Каракыштак – Боз каналын бүтүрүү менен ишке ашырылат.

Мындан тышкары күнөсканалардын (теплица) саны 350 дөн 500 чейин көбөйтүлөт. Тамчылатып сугаруу методдорун Баткен, Жалал – Абад, Ысык – Көл облустарында бакчаларга, күнөсканаларга жана чарбаларга колдонууну киргизүү пландаштырылып жатат.

Айыл чарба ишкерлерине жана айыл чарба продукциясын иштетүүчүлөргө багытталган каржылоо программасынын талаптары каралып чыгып, берилген насыяны максаттуу колдонушу кылдаттык менен көзөмөлдөлөнөт.

Кен казуу тармагында - Кен өндүрүүчү тармакта тоо-кен тармагына Бозымчак, Алтынкен кендери ишке кирип, чет өлкөлүк тике инвестициялардын көлөмүн 15-20%га көбөйтүү жана жаңы ишканаларды ишке киргизүү каралууда:

Күрмөнтү, Тегене, Белалма, Жерүй жана башка, жалпысынан 10 дон ашык кендерге жергиликтүү калктын катышуусу менен ачык аукциондор өткөрүлөт.

Өнөр жайлык, экологиялык коопсуздук, жер казынасын коргоо жана жер казынасын пайдаланууга укуктарды берүү боюнча экспертизаларды жүргүзүүдө «бирдиктүү терезе» принциби киргизилет.

Ал эми жыл бою системалуу негизде кендерди өздөштүрүү чөйрөсүндө каралуучу мыйзамдык ченемдер боюнча калк жана жергиликтүү органдар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.

Транспорттук кызмат көрсөтүүнү жана коммуникацияларды жакшыртуу үчүн:

Түндүк-Түштүк альтернативдик авто жолдорунун курулушу улантылат.

Бишкек–Кара-Балта участогу 9 км.ден 61 км чейин, Жалал-Абад-Маданият тилкеси 507 кмден 574 км чейин реабилитациялоо иштери башталат.

«Каракол - Түп – Кеген» авто жолун реабилитацияланат;

Транспорт тармагын өнүктүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында 26 мультилатерациялык станциядан аэронавигациялык жабдууну эксплуатациялоого киргизилет;

Ош, Джалал-Абад жана Талас облустарына жол-эксплуатацияк техникалары берилет;

Жүргүнчүлөр жана калк үчүн шарттарды түзүү үчүн 200 бирдик автотранспорту жаңыланат;

Санариптик телеберүү жалпы республикага жайылтылат.

Мындан тышкары, 2015-жылдын планында өзүнчө тиркеме менен экономикалык дараметин жогорулатуучу энергетика, тоо-кен казуу, агро өнөр-жай сектору, транспорттук инфраструктура жана логистика боюнча улуттук долборлорду ишке ашыруу иштери каралган.

Улуттук экономиканы чыңдоого багытталган иш-чараларды аткаруу билим берүүнү, саламаттыкты сактоону өнүктүрүү, пенсиялык камсыз кылууну жакшыртуу, ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга кам көрүү, ошондой эле башка мамлекеттик милдеттерди ишке ашыруу боюнча социалдык программаларды кеңейтүү үчүн шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет.

Тактап айтканда, социалдык өнүгүүдө төмөнкү иш-чаралар каралган:

Пенсионерлердин турмуш деңгээлин жогорулатуу максатында пенсиянын орточо өлчөмүн 250 сомго жогорулатуу күтүлүүдө.

Пенсиялык топтоо каражаттарын мамлекеттик баалуу кагаздарга, коммерциялык банктардын депозиттик салымдарына инвестицияланат.

Ал эми социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу үчүн кепилденген минималдуу кирешенин өлчөмү 10%га көтөрүү пландаштырылууда.

Бишкек ш. №1, №2 төрөт үйлөрү, Бишкек жана Ош ш. перинаталдык борборлору үчүн медициналык жабдыктарды жана инструментарийлер сатып алынат.

Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Талас, Нарын, Чүй облустук төрөт бөлүмдөрү, Эне жана баланы коргоо улуттук борбору үчүн 8 реанимобилдер сатып алынат.

Мамлекеттик минималдык социалдык стандарттарды чоң адамдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн жарым стационардык мекемелерде жана уюмдарда киргизилет.

мектепке чейинки даярдоочу 480 сааттык программасы ишке ашырылат,

Мындан тышкары 100 инновациялык мектеп» долбоорунун инфраструктурасын ишке ашыруу улантылат. 17 мектепте көп тилдүү билим берүү киргизилет жана жаңы муундагы китептер менен 78% га камсыз болууга жеткирилет.

Кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү, коомдук тартипти сактоо, мыйзамдуулукту мындан ары күчөтүү үчүн чаралар кабыл алынат.

Мисал катары бул багыттарда кээ бир чараларга токтолуп кетсек:

Кыргыз-Кытай жана Кыргыз-Казак чек арасы боюнча келишим долбоорлорунун макулдашуу иштери улантылат;

чек ара аймагында инженердик имараттарын жана зым тосмолорун көтөрүү боюнча курулуш иштери ишке ашырылат;

милициянын аймактык пункттары ачылат;

кварталдык милициянын принциптерин ишке ашыруу алкагында калк алдында отчет берүү иштери жүргүзүлөт;

өлкөнүн коргоо жөндөмдүүлүгүн чыңдоо максатында Куралдуу күчтөрдүн материалдык-техникалык базасын жакшыртуу иштери улантылат.

Ал эми региондорду өнүктүрүү боюнча киргизилген регионалдык инвестициялык долбоорлор ишке киргизилип жана ишке ашырууга улуттук ишкерлерди жана бизнес-коомду тартуубуз керек.

Пландын долбоорун иштеп чыгууда айрым министирликтер, ведомстволор жана регионалдык органдар керектүү деңгээлде сунуштарын иштеп чыгып киргизе алышкан жок. Бул көрүнүш мамлекеттик органдарда квалификациялуу кадрларга муктаждыгын жана иштеп жаткан кызматкерлердин потенциалын жогорулатуу керек экендигин айкындап турат.

Азыркы күндүн талабы боюнча бул план ийкемдүү план болууга тийиш. Биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы менен жаңы иш чараларды киргизүүнү кароо керектиги сунушталды.

Министр Т. Сариев өз сөзүнүн аягында бул План жогоруда аталган улуттук экономиканы чыңдоо жана башкы стратегиялык документерде белгиленген максаттарга жетүүсү жана багыттарды алга жылдыруусу, аткаруу бийлигинин органдарынын эффективдүү иштөөсү, ар бир министирликтин Планын ишке ашырылышы боюнча баа берилерин унутпоо керек. Ошондуктан мен Өкмөттүн бардык мүчөлөрүн ушул Пландын аткарылышына олуттуу мамиле жасап өтө чоң жоопкерчилик менен кароого чакырам деп жыйынтыктады.

Онлайн кайрылуу