Министр Т. Сариев: КР Өкмөтүнүн кризиске каршы 12 кадамын сунуштады.

Новости
19-Февраль 2015-ж.
2587

""Экономика министри Темир Сариев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отурумунда чыгып сүйлөп жатып, өзүнүн сөзүндө төмөндөгү эки нерсеге токтолуп кетти:

-биринчиден, Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө тоскоол боло турган келечектеги коркунучка;

-экинчиден, ушул коркунуч ишке ашса, ага каршы алдын ала иш-чараларды иштеп чыгуу керектигине.

Кыргызстан көз карандысыздыкты алгандан бери өткөн жолубузга көз чаптырып көрсөк, Кыргызстан Советтер Союзу таркагандан бери эле кризистик абалда жашап жаткандыгыбызды байкасак болот - деди министр.

Алсак 90-жылдары системдик кризис, гиперинфляция, өндүрүштүн кескин төмөндөшү;

1998-1999 жылдары дүйнөлүк финансалык кризис, сомдун курсунун кескин төмөндөшү;

2005-жыл революция, андан кийинки экономиканын бир топ жогорулай башташы;

2008-жыл кезектеги дүйнөлүк кризис;

2010-жылдын апрель революциясы, июнь окуялары, андан кийинки өлкөдөгү саясий жана социалдык-экономикалык өнүгүүнүн туруктулугунун калыбына келиши.

Бирок бардык кыйынчылыктарга карабастан андан чыгуунун жолу дайыма табылып келген. Мында бардык кыйынчылыктарга татыктуу туруштук берген кыргыз элинин эмгеги өтө жогору. Ошондой эле кыйын мезгилдерде бизге жардам берип келишкен, дагы эле болсо жардамын аябай, жөлөк болуп келе жаткан коңшу досторубуздун салымы да чоң.

Кыргыз элинин ишкердик мүнөзү, менталитети кыйынчылык мезгилде болгон мүмкүнчүлүктөрдү ыңгайлуу пайдалана алды. Маселен челнок соодасы, реэкспорт, кийим тигүүнү өздөштүрүү жана өркүндөтүү, тышкы миграциянын жана туризмдин мүмкүнчүлүктөрүн туура пайдалануу жана б.у.с.

Ал эми Өкмөттүн бизнести өстүрүү боюнча ыңгайлуу шарттарды түзүүгө болгон аракети, азыркы мезгилге ылайыкташтырылган экономиканын түзүмүн курууга мүмкүндүк берди.

Жогоруда айтылган кризистерга карабастан экономика аздан болсо да өстү, бюджеттин жана элдин кирешелери жогорулап жатты. Эгер 2004-жылда бюджеттин киреше бөлүгү 25,0 млрд. сомдон ашпаган болсо, 2014-жылы 100,0 млрд сомдон ашты, ал эми орточо айлык 2004-жылы 2240 сомду түзсө, 2014-жылы 12,5 миң сомдон жогору болду.

Былтыркы жыл да бир топ негиативдүү факторлор менен коштолду: кургакчылык менен байланышкан суунун аздыгы, түштүк жергесинде газдын токтотулушу, Таджикстан менен чек арадагы туруксуздуулук, сомдун алмаштыруу курсунун төмөндөшү, тышкы мигранттардан которулуп келген каражаттардын азайышы.

Нефтинин баасынын төмөндөшү жана санкцияга дуушар болгон Россиянын экономикасынын абалы да бизге таасир тийгизбей койгон жок.

Өкмөт дайыма абалга байкоо жүргүзүп, терс факторлордун алдын алуу боюнча аракеттерди жасап келди.

Сомдун алмаштыруу курсун турукташтурууга, валюта рыногунда алып сатарлыктын алдын алууга, товарларга жана күйүүчү майлоочу майларга (КММ) баалардын кескин өсүшүнө каршы алдын ала чараларды алып келди.

Быйылкы жылга да мындай План жылдын башында Премьер-министр тарабынан бекитилген. Жыйынтыгында сомдун курсу болгону 19%га жогорулады, ал эми ошол эле учурда Россиянын рубли 70%га, тенге 20%га өскөн. (дээрлик бардык валюталар долларга карата өстү).

Күзгү-кышкы мезгилден ийгиликтүү чыгуу үчүн өз убагында штаб түзүлүп, министрликтердин жетекчилери областарга бекитилген. Мындай чаралар кыштан татыктуу чыгууга мүмкүндүк берди. Өчүрүүлөр дээрлик аз болду, түштүк жергесинде газдын берилиши токтогонго карабастан калк көп кыйынчылыкка дуушар болгон жок.

Бирок азыркы мезгилде биздин экономиканын өнүгүүсүндө бир топ белгисиз шарттар сакталып калууда. Алар Украинадагы граждандык согуш менен байланышкан, нефтинин баасынын арзандашы жана санкциялардын кесепетинен Россиянын экономикасынын төмөндөшү.

Өткөн жылдын аягында эле биздин экономика мындай абалды сезе баштады, алар тышкы сооданын, чет өлкөлүк тике инвестициялардын көлөмүнүн төмөндөшү, мигранттардан келип жаткан акча каражаттардын азайышы. Мындай жагдай калктын жашоо деңгээлин төмөндөтөт. Ошондуктан биз ушул тоскоолдуктардан чыгып кетүүгө көп аракеттерди жасашыбыз керек.

Жакында болуп өткөн макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча Координациялык кеңештин жыйынында экономика министрлиги жакынкы жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүүнүн үч вариантын сунуштадык. Талкуунун жыйынтыгында бардык кыйынчылыктарга карабай Өкмөт өзүнүн ишмердигин так жасайт деп 2015 –жылга оптимистик өнүгүүнү кабыл алдык (2,0% өсүү).

Ошону менен бирге бүгүн сиздерге Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылды улуттук экономиканы чыңдоо жылы деп жарялоо” боюнча Указын аткаруу максатында Өкмөттүн 2015-жылга карата иш чаралар Планын сунуштадык. Ал Планда экономиканы турукташтыруу үчүн конкретүү чаралар каралган.

Бирок макроэкономикалык болжол быйылкы жылы болушу мүмкүн болгон бир кыйла тобокелдиктерди камтыйт. Анткени абал тез өзгөрүүдө.

Ошондуктан эгер абал кескин жаман тарапка өзгөрө турган болсо биз ага даяр болушубуз зарыл. Бул кризиске каршы План болушу керек.

Жогоруда көрсөтүлгөн жагдайлардын негизинде, дүйнөдө, Россияда жана Украинадагы абал оорлошо турган болсо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кризиске каршы 12 кадамын сунуштайбыз.

Алар төмөндөгүлөр:

1. Улуттук валютанын алмаштыруу курсунун кескин өзгөрүшүнө жана инфляциянын жогорулашына каршы чаралар. (14.01.2015 ж. № 17-449-дсп менен бекитилген).

2. Азык-түлүк жана башка биринчи иретте колдонула турган товарларга болгон баанын өсүшүн тескөө;

3. Орто жана чакан бизнеске колдоо көрсөтүү алардын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуга жана товарларды экспортко чыгарууну көбөйтүүгө багыталууга тийиш.

- Орто жана чакан ишканаларды мамлекеттик сатууга кирүүгө мүмкүндүк берүү;

- Бизде өндүрүлбөгөн, бирок кайра иштетүү мекемелеринде колдонуучу товарларга НДС алып салуу;

4. Мындан тышкары социалдык төлөмдөрдүн пайызын азайтуу да бизнестин абалын жакшыртууга алып келет.

5. Бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү:

- Салык кызматы ири ишканалар менен салык келишимин түзүү керек, ал мекмелер үч жылдан беш жылга чейин текшерүүдөн бошотулат, бирок салык кызматы тарабынан сунуш кылынган аудитордук компаниялардын жыйынтыктары керек болот. Бошогон салык кызматкерлери көмүскө экономикадагы субъектерди ачыкка чыгаруу боюнча аракеттенишет.

- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жергиликтүү салыктарга кошумча жогорулатылган коэффициенттерди колдонууга уруксат берүү;

- Жүк жана жүргүнчүлөрдү ташыган жеке айдоочулардын салык төлөмүн толук төлөө боюнча катуу көзөмөл коюу;

6. Жаңы ишканаларды ишке киргизүү;

- Орус-кыргыз инвестициялык фондду тез аранын ичинде ишке киргизүү керек;

- Жаңы кендерге конкурс өткөрүү;

- Мыйзамсыз алтын жана көмүр кендерин иштип жаткан юридикалык жана жеке ишкерлерге тыюу салуу.

7. Агроөнөр жай тармагын өркүндөтүү

- Жазгы талаа жумуштарын ийгиликтүү өткөрүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарга жана жергиликтүү администрацияларга колддо болгон айыл чарба техникасын эффективдүу пайдалануу;

- Сугат тармагын жакшыртуу, сууну үнөмдүү пайдалнуу үчүн арыктарды, каналдарды тазалоону уюштуруу;

- Дыйкандарга жана фермерлерге жеңилдетилген кредиттерди берүүну улантуу;

- Дыйкандарга айыл чарба продукциясын өндүрүүнү көбөйтүү жаңы технологияларды пайдалануга сунуш берүү (теплица, кичи тоок чарба фермалары, тамчылап сугаруу ж.б.у.с.)

8. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен кошо инвестициялык климатты жакшырту боюнча иш алып баруу.

9. Жумушсуздукту азайтуу

- Жумушсуздарды жаңы адисттике кайра даярдоо;

- Эмгек мигранттарынын тез адаптациялоо жана географисын жайылтуу үчүн кайра даярдоо жана окутуу(башка мамлекеттердин каада-салтына, тарыхына, тилине жаңы адистикке ж.б.) ;

- Башка мамлекеттер менен эмгек мигранттары жөнүндө келишимдерди түзүү (Катар, араб мамлекеттери. Европа ж.б).

10. Калктын соцалдык аяр-катмарына колдоо көрсөтүү.

- Мамлекеттин кепилдигин жана башка төлөмдөрүн толук камсыз кылуу;

- Мамлекеттик эмес кызматкерлердин айлык акысын жогорулатуу;

- Пенсияны инфляцияга жараша индексация жасоо.

11. Калкка туура маалымат берүү жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

- Өкмөт мүчөлөрү калкка абалды толук жана туура түшүндүрүү боюнча маалымат каражаттары аркалуу жана жасалып жаткан аракеттер жөнүндө маалымат берүү менен калктын Өкмөткө болгон ишениним жогорулатуу.

12. Мониторинг.

Жасалып жаткан иш аракеттрге мониторинг жүргүзүү менен иш чаралардын жүрүшүнө өз убагында өзгөртүүлөрдү киргизүу жана жаң чараларды иштеп чыгуу.

Онлайн кайрылуу