Кыргызстанда Борбордук Азия өлкөлөрүнүн лицензиялоочу жана бажы органдарынын аймактык жолугушуусу болуп өттү

Новости
25-Октябрь 2019-ж.
4032

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги 23-25-октябрларда экспорттук контроль маселелери боюнча Борбордук Азия мамлекеттеринин лицензиялоочу жана бажы органдары үчүн үч күндүк семинар өткөрдү. Иш-чара ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин туруктуу колдоосунда өткөрүлдү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын лицензияларды берүүнүн жана бажы органдарынын, Казакстан Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын, Түркмөнстандын өкүлдөрү, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкүлдөрү, Россия Федерациясынын техникалык жана Экспорттук көзөмөл боюнча федералдык кызматынын өкүлү, Экспорттук көзөмөл жаатындагы эл аралык жана улуттук эксперттер катышты.

Семинардын максаты эки багыттагы товарлардын экспортун, импортун жана бажы көзөмөлүн лицензиялоону жүзөгө ашыруу бөлүгүндө экспорттук контроль жаатында улуттук тажрыйба жана натыйжалуу ыкмаларды алмашуу, ошондой эле Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын аймактар аралык өз ара аракеттенүүсүн жөнгө салуу болуп саналат.

Иш-чаранын алкагында катышуучулар контролдонуучу товарлардын контролдук тизмесин жаңылоо, контролдонуучу товарлардын транзитин контролдоону жүзөгө ашыруу жана кош багыттагы товарлардын экспортун жана импортун лицензиялоо маселелерин талкуулашты.

Мындан тышкары, экспорттук контролду жүзөгө ашыруунун жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн бажы органдарынын лицензия берүү боюнча ыйгарым укуктуу органдарынын өз ара иш алып баруусунун дагы башка актуалдуу маселелери талкууланды. Россия Федерациясынын техникалык жана Экспорттук көзөмөл боюнча федералдык кызматынын эл аралык эксперттери жана өкүлү Россиянын жана Балтика аймагынын тажрыйбасынын мисалында экспорттук көзөмөлдү жүзөгө ашыруу боюнча тажрыйбалары менен бөлүштү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу