Тамак-аш коопсуздугу жаатында колдонуудагы техникалык регламенттердин негизги жоболору жөнүндө

Новости
22-Октябрь 2019-ж.
3718

Өлкөнүн экспорттук потенциалын жана дүйнөлүк рынокто ата мекендик продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-декабрындагы токтому менен 2019-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын экспортун өнүктүрүү боюнча Өкмөттүн Программасы бекитилген.

Ата мекендик продукциянын ЕАЭБ мүчө мамлекеттердин рынокторуна жана жалпы дүйнөлүк рынокторго чыгуусунун эң маанилүү шарттарынын бири, техникалык регламенттер менен белгиленген талаптарды аткаруу болуп саналат.

Ушуга байланыштуу 2019-жылдын 25-октябрында саат 14:00 до Экономика министрлигинин чоң залында семинар өткөрүү пландалууда.

Семинардын негизги максаты-тамак-аш коопсуздугу жаатындагы колдонуудагы техникалык регламенттердин негизги жоболору, продукцияны рынокко чыгаруунун шарттары жана керектүү коштоочу документтери тууралуу маалыматтарды берүү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу