“Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору талкууга коюлат

Новости
17-Октябрь 2019-ж.
4746

Экономика министрлиги “Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”мыйзам долбоорун талкууга алып чыгат. Сунушталган Мыйзам долбоору кепилденген учур келгенде коммерциялык банктардагы депозиттер (камсыздандыруу төлөмдөрү) боюнча компенсациянын суммасын көбөйтүү, ошондой эле коммерциялык банктардын аманатчыларын коргоо деңгээлин жогорулатуу жана калктын банк системасына болгон ишенимин бекемдөө максатында даярдалган.

Депозиттерди коргоо системасы аманатчыларды коргоого жана финансы системасынын туруктуулугуна көмөктөшүүгө багытталган. Камсыздандыруу төлөмдөрүнүн деңгээли банктарда калктын ишенимдүүлүгүнө жана тиешелүү түрдө депозиттик базанын көлөмүнө оң таасир тийгизет. 

Камсыздандыруу төлөмдөрүн жогорулатуу сактык кассага коомчулуктун ишенимин жогорулатат жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан коммерциялык банктарга тиешелүү көзөмөл жүргүзүү шартында жалпы депозиттик базаны көбөйтүүгө оң таасирин тийгизет.

Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын келбеген ченемдик укуктук актыларына, кандайдыр-бир социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт жана тийиштүү экспертизаларды жүргүзүүнү талап кылбайт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу