Жалал-Абадда травертин кайра иштелип чыгат, ал эми Тюменде Кыргызстандын соодай үйү ачылат

Новости
15-Октябрь 2019-ж.
2124

“РФ Тюмень облусундагы Кыргыз Республикасынын күндөрүнүн” алкагындагы эң натыйжалуу иш-чаралардын бири: “Кыргыз жана Тюмень инканаларынын жана уюмдарынын эки тараптуу өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечеги” темасында В2В жолугушуу болду.

В2В жолугушуунун алкагында РФтин Тюмень облусуна ата мекендик продукцияны жөнөтүү жана Жалал-Абад облусунун аймагындагы травертинди кайра иштетүүчү биргелешкен ишкананы түзүү тууралуу келишим жетишилди. Андан тышкары, Кыргыз экспортерлор ассоциациясы жана “Кыргызленд” жана ИП Карпов Д. С. (Россия) импорттоочулары Тюмень ш. “Түштүк” ири дүң-чекене борборунун аймагында Кыргызстандын Соода үйүн ачуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Ошол эле учурда, ата мекендик айыл чарба продукциясынын чакан көргөзмөсү өткөрүлдү, анда: сүттөн жасалган суусундуктар, катуу сырлар, ширелер жана чөп чай, колбаса жана балык азыктары көрсөтүлдү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу