Кыргыз Республикасы жана Шри-Ланканын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык жөнүндө

Новости
11-Октябрь 2019-ж.
3833

2019-жылдын 9-октябрында Шри-Ланка Демократиялык жана  Социалисттик Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчисинин (Ислам шаарындагы резиденциясы менен) Кыргыз Республикасына болгон сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Экономика министри С. Муканбетов менен жолугушуу болду, анын жүрүшүндө Тараптар Кыргыз Республикасы жана Шри-Ланканын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулашты жана өз ара аракеттенүү эки өлкөнүн потенциалына жооп бербейт деп белгилешти.

Ушуга байланыштуу, Министр Кыргыз Республикасы менен Шри-Ланканын ортосундагы кызматташууну активдештирүү үчүн жана келишимдик-укуктук базаны өнүктүрүү аркылуу биринчи кезекте эки өлкөнүн ортосунда соода-экономикалык кызматташтык жөнүндө Макулдашууга, ошондой эле кош салык салууну болтурбоо жөнүндө Макулдашууга кол коюу керек экендигин маалымдады.

Элчи эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүдө төрт багыт бар экенин билдирди: өнөр жай, гидроэнергетика, билим берүү жана туризм. Буга байланыштуу, ал эки өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү менен кененирээк таанышуу үчүн бизнес-форумду жана В2В жолугушууларды уюштуруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Жыйынтыгында Тараптар, жолугушуу эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты, достук мамилени жана көп тараптуу өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө кошумча түрткү берет деген үмүтүн билдиришти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу