Министр С. Муканбетов Бахрейн Королдугунун Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Анвар Юсуф Аль-Абдулла доктор менен жолукту

Новости
11-Октябрь 2019-ж.
4087

2019-жылдын 9-октябрында Бахрейн Королдугунун Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Анвар Юсуф Аль-Абдулла доктордун Кыргыз Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Экономика министри С. Муканбетов менен жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө Тараптар Кыргыз Республикасы жана Бахрейн Королдугу ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыктын учурдагы абалын талкуулашып, бул багытта кызматташууну активдештирүү зарылдыгын белгилешти.

Ушуга байланыштуу, Элчи эт жана айыл чарба продукциясын импорттоого кызыкдар экендигин билдирди, жалпысынан, бул маселеде Бахрейн Перс булуңунун өлкөлөрүнө, анын ичинде Сауд Аравияга Кыргыз Республикасы үчүн терезе болуп берүү мүмкүндүгүн белгиледи.

Ушуну менен бирге, Элчи чет өлкөлүк инвесторлордун ишин жүргүзүү үчүн салыктын жоктугун маалымдады.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн инвестициялык, финансылык жана маданий-гуманитардык өз-ара иш алып баруу чөйрөлөрү талкууланды.

Тараптар келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү, жакынкы келечекте соода-экономикалык кызматташуу жөнүндө Макулдашуу маселесин талкуулашты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу