Кыргыз Республикасынын Бизнес-Омбудсменинин орун басарлары дайындалды

Новости
10-Октябрь 2019-ж.
4847

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 647 “Ишкердик иштин субъекттеринин укуктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу адам (Бизнес-акыйкатчы) жөнүндө” токтому менен бекитилген Жобого ылайык, Мусуралиев Нурлан Жолдошбекович жана Пономарев Сергей Васильевич ишкердик иш субъекттеринин укуктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу адамдын орун басарлары болуп дайындалышты (Бизнес-акыйкатчы).

Буга чейин Мусуралиев Нурлан Жолдошбекович Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти, Пономарев Сергей Васильевич – рыноктордун, соода ишканаларынын жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн Ассоциациясынын Президенти болуп иштеген.

Мусуралиев. Н.Д. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Ардак грамотасы, Шанхай Кызматташтык Уюмунун Ишкердик Кеңешин Ардак грамотасы жана КМШ өлкөлөрүнүн Соода-өнөр жай палаталарынын жетекчилер Кеңешинин “Алтын медаль” медалы менен сыйланган.

Пономарев. С.В. республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн жана көп жылдык ошондой эле Кыргыз Республикасынын руханий жана интеллектуалдык өнүктүрүүгө болгон жемиштүү эмгеги үчүн “Даңк медалы менен сыйланган.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу