Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун директору дайындалды

Новости
07-Октябрь 2019-ж.
6073

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев буйрукка кол койду, ага ылайык, Абдылдаев Данияр Исаевич Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу “Мамлекеттик – жеке өнөктөштүк борборунун” директору болуп дайындалды.

Бүгүн, 2019-жылдын 7-октябрында КР Экономика министри С. Муканбетов жаңы директорду жамаатка тааныштырды. Ал белгилегендей, мурда Данияр Абдылдаев Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинде Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү илгерилетүү бөлүмүн жетектеген жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жаатында көптөгөн тажрыйбасы бар. 

Белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору” мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө” токтомуна ылайык, 2019-жылдын 28-июнунда КР ЭМге караштуу “МЖӨ борбору” мамлекеттик мекемеси уюштурулган.

МЖӨ борбору Жалпы улуттук жана муниципалдык маанидеги инфраструктуралык долбоорлорду колдоо жана өнүктүрүүнү тездетүү жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн ар кандай инструменттерин пайдалануу аркылуу инфраструктураны өнүктүрүү боюнча мамлекеттик жана муниципалдык башкаруунун кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын жогорулатуу максатында өз ишин жүргүзөт.

МЖӨ борборунун негизги милдети квалификациялуу даярдоо, МЖӨ долбоорлорун уюштуруу жана коштоо жана министрликтерге, ведомстволорго жана муниципалдык органдарга МЖӨ каражаттарын өркүндөтүү боюнча көмөк көрсөтүү болуп саналат.

Абдылдаев Данияр Исаевич 2010-жылы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетин “Юриспруденция” адистигин бүтүргөн, ошондой эле 2014-жылы Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясында "Эл аралык мамилелер" багыты боюнча магистр даражасын алган.

Д. Абдылдаев эмгек жолун 2011-жылы Банктарды кайра уюштуруу жана карыздарды реконструкциялоо боюнча агенттигинин соттук жазалоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси болуп баштаган.

2011-жылдан 2013-жылга чейин банктарды кайра уюштуруу жана карыздарды реконструкциялоо боюнча агенттиктин соттук жазалоо бөлүмүнүн башкы адиси болуп иштеген.;

2014-жылдан 2016-жылга чейин КР ЭМге караштуу Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттиктин МЖӨ өнүктүрүү бөлүмүндө эксперт болуп эмгектенген;

2016-жылдан 2018-жылга чейин КР ЭМге караштуу Инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү боюнча мамлекеттик агенттиктеги МЖӨ өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген;

2018-жылдын февралынан августуна чейин Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин МЖӨ илгерилетүү бөлүмүндө эксперт болуп иштеген;

2018-жылдан 2019-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигиндеги МЖӨ илгерилетүү бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу