ЕАЭБтин ички рыногунун иштеши жөнүндө

Новости
03-Октябрь 2019-ж.
4008

30-сентябрдан Ереван ш. (Армения) Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Ж. Разааковдун жана Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары Э. Алишеровдун катышуусунда Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши (ЕЭК) болуп өттү.

ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрү ЕАЭБтин ички рыногунун иштеши, интеграция, бажы-тарифтик жана Техникалык жөнгө салуу, эл аралык соода-экономикалык кызматташтык, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикаларын санариптештирүү, салык саясаты чөйрөсүндөгү жана башка бир катар маселелерди карап чыгышты.

ЕЭК Кеңеши кыйыр салыктарды алуу тартиби жана товарларды экспорттоодо жана импорттоодо, иштерди аткарууда, кызмат көрсөтүүдө аларды төлөөгө контролдук кылуу механизми жөнүндө протоколго өзгөртүүлөрдү жактырды (ЕАЭБ жөнүндө келишимге карата 18-тиркеме).

Мындай өзгөртүүлөрдү киргизүү бирликтин жана ЕАЭБга мүчө болбогон мамлекеттердин товарларына карата КНСти алуунун бирдей шарттарына жетүү үчүн зарыл.

Документ мамлекет ичиндеги макулдашууларды жүргүзүү үчүн Бирлик өлкөлөрүнө жөнөтүлөт.

ЕЭК Кеңеши тарабынан ЕЭКтин ички рыногунда тоскоолдуктарды четтетүүнүн жүрүшү жөнүндө маалымат угулду. Комиссия мүчө мамлекеттер менен биргеликте ички рынокто 56 тоскоолдукту аныктады жана 37, анын сегизин 2019 – жылдын башынан бери алып салышты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу