Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйыны болуп өттү

Новости
03-Октябрь 2019-ж.
3922

2019-жылдын 1-октябрында Ереван шаарында (Армения) Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйыны болду, ага Кыргыз Республикасынын Президенти С. Жээнбеков жана Кыргыз Республикасынын Экономика министри С. Муканбетов катышышты.

Жолугушууга ЕАЭБдин мүчө-мамлекеттеринин (Армения, Беларуссия, Казакстан, Кыргызстан жана Россиянын) лидерлеринен тышкары Молдавиянын Президенти Игорь Додон Бирликке караштуу байкоочу-мамлекеттин башчысы катары, ошондой эле ардактуу коноктор: Иран Республикасынын Президенти Хасан Роухани жана Сингапур Республикасынын Премьер-министри Ли Сянь Лун чакырылган.

Жыйында ЕАЭБдин иш маселелери, интеграциялык процесстерди өнүктүрүүнүн перспективалары талкууланды, бирдиктүү рыноктун ишин жакшыртуу жана экономиканын негизги секторлорунда өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү боюнча милдеттер белгиленди.

Мамлекеттердин лидерлери тарабынан Бирликтин жалпы Финансы рыногун түзүү концепциясы, ЕАЭБдин 2020-жылга бюджети жана транспорт жана энергетика чөйрөсүндөгү мыйзамдарды шайкеш келтирүү боюнча бир катар чечимдер бекитилди, ошондой эле Бирликтин 2020-жылга карата эл аралык ишинин негизги багыттары макулдашылып, Сингапур менен эркин соодалашуу тууралуу макулдашууга кол коюлган. 


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу