Тамак-аш азыктарынын коопсуздугун камсыздоо жаатында семинарлар өткөрүлөт

Новости
02-Октябрь 2019-ж.
3719

2019-жылдын 1-октябрынан 5-октябрына чейин Ош, Жалал-Абад жана Баткен шаарларында КР Экономика министрлиги тарабынан тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жаатында Бажы Бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулган техникалык регламенттерин иш жүзүндө колдонуу маселелери боюнча семинарлар өткөрүлүүдө.

Угуучуларга жалпысынан тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жаатында кабыл алынган техникалык регламенттер, тамак-аш продукциясын жүгүртүүгө чыгаруунун шарттары боюнча жана тамак-аш продукцияларына көз салууну камсыз кылуучу товарды коштоочу документтер жөнүндө маалыматтар берилет.

Ушундай семинарлар 2019-жылдын 8-октябрынан 10-октябрына чейин Нарын жана Каракол шаарларында болот.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу