Виртуалдык ККМны киргизүү жөнүндө

Новости
27-Сентябрь 2019-ж.
4817

ККМ-онлайнды өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 13-апрелиндеги № 39 Мыйзамы менен смартфондорду же компьютерлерди тиешелүү программалык камсыздоолор орнотулгандан кийин аппараттык ККМ менен катар эле пайдаланууну караган, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин “виртуалдык ККМ” аныктоо бөлүгүнө өзгөртүү киргизилген.

Салык процедураларын фискалдаштыруунун электрондук тутумун киргизүү иштеринин алкагында жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 109-беренесин аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 26-августундагы № 426 “Маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде берүү функциясы менен виртуалдык контролдук-кассалык машиналарды колдонуу боюнча пилоттук (эксперименталдык) долбоор жөнүндө” токтому алынган.

Пилоттук долбоор 2019-жылдын 1-сентябрынан тартып жүргүзүлөт.

Пилоттук долбоордун милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:

  • Виртуалдык ККМди колдонуу менен ишке ашырылуучу акчалай эсептешүүлөр жөнүндө маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде берүү технологияларын колдонуунун натыйжалуулугун жана оптималдуулугун аныктоо;
  • виртуалдык ККМди эксплуатациялоонун техникалык мүмкүнчүлүктөрүн жана эсептөөлөр жөнүндө маалыматтарды берүү технологиясын аныктоо;
  • белгиленген типтеги ККМге жана/же алардын операторлоруна коюлуучу талаптарга виртуалдык ККМдин техникалык мүмкүнчүлүктөрүнүн шайкештигин аныктоо, ошондой эле аталган талаптардын натыйжалуулугун жана ишке ашырыла тургандыгын баалоо;
  • виртуалдык ККМди колдонууга киргизүүдө салык төлөөчүлөр үчүн реалдуу финансылык чыгымдардын эсебин аныктоо;
  • ыйгарым укуктуу салык органынын маалымат системасына эсептешүүлөр жөнүндө маалыматты берүүнү уюштуруу үчүн байланыш түйүнүн жана сервердик жабдууну колдонуу мүмкүндүгүн текшерүү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июнундагы № 324 токтомуна ылайык ККМ-онлайн киргизилген. Кассалык аппараттарга өтүү боюнча салык органдарынын талаптарын канааттандырган бардык чыгымдар ишкерлерге жүктөлөт. Маалыматтарды онлайн режиминде берүүгө жөндөмдүү аппараттык ККМнын минималдуу наркы 10 000 сомдон жогору сумманы түзөт, ал учурдагы экономикалык кризистин шартында бизнес, айрыкча чакан жана орто ишкерлер, ошондой эле аймактардагы ишкерлер үчүн оор жүк болуп эсептелет.

Ушуга байланыштуу, бизнести, атап айтканда чакан жана орто бизнести колдоо максатында виртуалдык ККМ киргизүү боюнча иш жүргүзүлүүдө (Android, iOS жана Windows операциялык системаларда кардарлардын тиркемеси түрүндө ишке ашырылган программалык камсыздоо) ал, аппараттык ККМ – онлайн менен салыштырганда жаңы багыт жана арзан альтернатива болуп саналат.

Ошону менен бирге пилоттук долбоорду жүргүзүү мезгилинде виртуалдык ККМдин операторлору жана ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан виртуалдык ККМ акысыз негизде көрсөтүлөөрүн белгилейбиз.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу