Кыргыз Республикасында товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоону киргизүү жөнүндө

Новости
27-Сентябрь 2019-ж.
4677

2019-жылдын 29-мартында ЕАЭБте товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо жөнүндө Макулдашуу күчүнө кирген.

Документтин жоболорунда маркалоону киргизүүнүн мөөнөттөрү жана тартиби регламенттелет, Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ортосунда маркаланган товарлар жөнүндө берилүүчү маалыматтардын форматы, курамы жана түзүмү идентификациялоо каражаттарына жана аларды товарга келтирүүгө карата бирдиктүү талаптар белгиленет. Товарларды маркалоо Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешинин карамагына кирет, ал бирликке кирген мамлекеттердин сунуштарынын негизинде чечимдерди кабыл алат.

ЕАЭБте товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо жөнүндө макулдашуунун тартибине ылайык Россия тарап Евразия экономикалык комиссиясына бут кийим товарларын, тамеки продукцияларын жана дары каражаттарын маркалоо жөнүндө сунуштарды киргизди.

Талкуудан өткөрүүнүн жыйынтыктары боюнча 2019-жылдын 8-августунда Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин 72-чечими кабыл алынган, ага ылайык ЕАЭБ мүчө мамлекеттери өз аймагында бут кийим товарларын маркирлөөнүн датасын жана тартибин өз алдынча аныктайт. Ошол эле учурда маркаланбаган бут кийим товарларын жүгүртүүгө тыюу салуу 2020-жылдын 1-мартынан эрте киргизилбейт.

Ата мекендик өндүрүүчүлөрдү жана керектөөчүлөрдү контрафактылык продукциялардан коргоо, эсепке алынбаган/контрабандалык ташууларга карата башкарууну күчөтүү жана көмүскө жүгүртүүнү кыскартуу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 12-сентябрындагы № 470 “Кыргыз Республикасында товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо жөнүндө” токтому кабыл алынган.

Жогоруда аталган токтом долбоорунун негизги милдеттери товарларды көзөмөлдөө жана салык жол-жоболорун фискалдаштыруу системасынын компоненттерин түзүүнү жана ишке киргизүүнү камсыздоо болуп эсептелет.

Токтомдун ченемдери салык жол-жоболорун электрондук фискалдаштыруунун мамлекеттик маалыматтык системасы түзүлүп жаткан бөлүк катары товарларды маркалоонун борборлоштурулган автоматташтырылган маалыматтык тутумун түзүүгө багытталган.

Бул токтомдо товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо бөлүгүндөгү негизги аныктамалар жана терминдер, ошондой эле экспорттук-импорттук операцияларга катышуучулардын ортосундагы жана идентификациялоо каражаттары менен маркаланууга тийиш болгон товарларды өндүрүүдө экономикалык мамилелер жөнүндө негизги жоболор көрсөтүлгөн.

Товарларды санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоо товарларды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүдө жогорку натыйжалуу инструмент болуп саналат.

Ошондой эле, товарларды идентификациялоонун натыйжалуу тутумун киргизүү максатында төмөнкү ченемдик укуктук актылардын долбоорлору иштелип чыккандыгын белгилейбиз:

  • 2020-жылдын 1-июлуна чейин алкоголдук жана тамеки продукцияларын милдеттүү маркалоону киргизүүнү караган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасында айрым товарларды санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоонун тартиби жөнүндө” токтомунун долбоору.
  • 2019-жылдын 1-ноябрынан тартып бут кийим товарларын, алкоголдук жана тамеки продукцияларын ыктыярдуу маркировкалоо боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүүнү караган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Товарлардын айрым түрлөрүн санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоо боюнча пилоттук (эксперименттик) долбоорду жүргүзүү жөнүндө” токтомунун долбоору.

Жогоруда аталган долбоорлорго ылайык, товарларды маркалоонун автоматташтырылган системасын жүргүзүү боюнча жооптуу мамлекеттик орган болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматын аныктоо сунушталууда.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу