Кыргызстан бизнести өнүктүрүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар өлкө

Новости
25-Сентябрь 2019-ж.
4354

“Евразия жумалыгы” эл аралык форумунун ачылышында өткөн жылы ишке ашырылган КР Экономика министрлигинин негизги демилгелери белгиленди. 

Бишкекте “Евразия жумалыгы – 2019” иштиктүү форуму өзүнүн активдүү ишин улантууда. Биринчи күнү катышуучулар Евразия бизнес-мейкиндигинин чакырыктарын жана перспективаларын, анын дүйнөлүк экономикага интеграциясын талкуулашты.

Кабыл алуучу тарап саламдашуу сөзүндө Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугун баса белгилешти. Ошентип, Кыргызстандын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жалпы ички жана тышкы инвесторлорду колдоо жана бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу аянтчага биздин өлкөнү трансформациялоо максатында өткөн жылда республиканын экономикасында жасалган бир катар реформалар тууралуу чогулгандарга эскертти. Атап айтканда, ал КР Экономика министрлигинин бир катар ийгиликтүү демилгелерин белгиледи: бизнес-омбудсмен институтун жана ишкерлерди тейлөө борборлорун түзүү, текшерүүлөргө эки жылдык мораторий киргизүү жана өлкөнүн аймактарындагы старт-аптарды салыктын төрт түрүнөн (сатуудан алынуучу салык, киреше салыгы, кыймылсыз мүлк салыгы, жер салыгы) бошотуу.

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян катышуучуларга ЕАЭБтин маанилүү ролу жөнүндө, жалпы рынокту түзүү зарылчылыгы жөнүндө жана Биримдиктин дүйнөлүк рынокторго ийгиликтүү чыгуусу үчүн өлкөлөр ичинде ишкерлердин потенциалын жогорулатуу жөнүндө эскертти.

Форумдун биринчи кунү катышуучулар ЕАЭБ түзүлүшү мүчө өлкөлөрдүн бизнес-коомчулугуна кандай таасир тийгиздигин, өндүрүштөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн кантип жогорулатуу керектигин, тышкы өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүүдө кызматташуунун кандай формалары артыкчылыктуу экендигин талкуулашты.

Эске салсак, “Евразия жумалыгы” Бишкекте өтүп, үч багытта иштеп жатат: Евразия экономикалык бирилигинин (ЕАЭБ) дүйнөлүк рынокко интеграциясы; бизнес-кооперация, ЕАЭБ рыногуна чыккан ата мекендик ишкерлердин негизги маселелерин чечүү жана жаштардын экономикалык жана жарандык потенциалын өнүктүрүү. Иш чара 27-сентябрга чейин уланат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу